Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 173
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) тогузунчу абзацта "ар кандай" деген сөздөр алып салынсын;
б) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кат кабарлар - электрондук жана/же кагаз түрүндөгү катталбаган жана катталуучу каттар, почта карточкалары, бандеролдор, майда пакеттер жана секограммалар (көзү азиздер үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтмөлөрү;";
в) он жетинчи абзацта "каттарды" деген сөз "катталбай турган каттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи - отуз экинчи абзацтар менен толукталсын:
"адресат - почта жөнөтмөсү, акча каражаттарын почта аркылуу которуу, телеграфтык же башка билдирүү даректелген жаран же уюм;
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулардын даректик маалыматтары - жарандар жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги);
почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучулар - почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жарандар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар;
бонд (бажы) кампасы - почта байланышынын дайындалган операторунун базасында уюштурулган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларды бажылык тариздөөсүз жана салыктарды, бажы алымдарын жана жыйымдарын төлөбөстөн, сатып алуучу сатып алганга чейинки сактоо мөөнөтүнө товарларга лицензияны жана квотаны белгилебестен сактоого жана бөлүштүрүүгө арналган кампа;