Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 11-августу № 179
Билим берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-декабрындагы № 208, 2025-жылдын 30-январындагы № 32, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241, 2026-жылдын 23-январындагы № 6, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү, максаттары жана милдеттери
1. Ушул Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.
3. Төмөнкүлөр үчүн укуктук, экономикалык жана финансылык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу, каржылоо жана иштетүү;
3) билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
4) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин өнүктүрүү;
5) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;
6) билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
2-берене. Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тутумдук бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери пайдаланылат.
3. Эгерде билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларында камтылган ченемдер ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелерди белгилесе, анда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.