Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 846
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жарандык коргонуу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Ушул Мыйзам тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын Жарандык коргоо жагында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Өзгөчө кырдаалдардан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, келген убактысына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жарандар дагы корголот.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
Жарандык коргонуу - тынчтык жана согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын калкын, материалдык жана маданий баалуулуктарын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоого даярдоо жана коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутумунун курамдык бөлүгү.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму - Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча милдетти аткаруучу, элементтери Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана ыктыярдуу уюмдардын күчтөрү жана каражаттары болгон жалпы мамлекеттик тутум. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын Кырсыктардын опурталын азайтуу боюнча улуттук платформасын өзүнө камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Кырсыктардын опурталын азайтуу боюнча улуттук платформасы - кырсыктардын опурталын азайтуу чөйрөсүн координациялоочу жана стратегиялык жетектөөчү улуттук механизм, ал көп тармактуу жана дисциплиналар аралык мүнөзгө ээ, ага бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдүн, жеке сектордун жана жарандык коомдун катышуусу каралган.
Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында түзүлгөн кырдаал.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын болуу опурталын мүмкүн болушунча азайтууга, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, алар болгондо зыянды азайтууга багытталган алдын ала жасалуучу иш-чаралардын комплекси.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу факторлорун чектөө жана жайылышын токтотуу, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда жүргүзүлчү авариялык-куткаруучу жана адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган башка кечиктирилгис иштер.
Өзгөчө кырдаал зонасы - өзгөчө кырдаал болгон аймак.