Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 22-сентябры № 600
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
Дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С. Исаков |
2-тиркеме