Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 738
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) I бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
316-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Талап кылууну башка жакка берген кредитор, ордердик баалуу кагаз боюнча индоссамент учурларынан тышкары, ага талап кылуу укугун күбөлөндүргөн документтерди өткөрүп берүүгө жана талапты орундатуу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) II бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 906-статьясында:
а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кош складдык күбөлүк, анын эки бөлүгүнүн ар бири жана жөнөкөй складдык күбөлүк баалуу кагаздар болуп саналат. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрү товардык склад жана складдык күбөлүктөрүн жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурда товардык склад тарабынан берилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирбеген товардык склад, товардык склад жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык складдык квитанция берүүгө гана укуктуу.";
в) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кош складдык күбөлүк күрөө предмети болушу мүмкүн.";