Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 12-марты № 126
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык активдерди натыйжалуу инвестициялоону уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтомуна 2-тиркеме |
Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) менен депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү үчүн депозитарийди тандоо боюнча конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.