Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 20-марты № 145
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же өкүлчүлүктө же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;";
2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу менен бошотулган же дипломатиялык кызматтын органдарынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына өтүшкөн дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;";
3-пунктчасындагы "жана мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчасындагы "кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр "жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-6-пунктчаларындагы "жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары" деген сөздөр алып салынсын;