Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 27-марты № 64
Акционердик коомдор жөнүндө
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2004-жылдын 9-декабрындагы № 189, 2006-жылдын 27-январындагы № 15, 2006-жылдын 31-июлундагы № 145, 2007-жылдын 6-августундагы № 132, 2008-жылдын 23-майындагы № 95, 2008-жылдын 2-июнундагы № 110, 2008-жылдын 28-июлундагы № 181, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2009-жылдын 11-майындагы № 152, 2009-жылдын 24-июлундагы № 245, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 264, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 162, 2011-жылдын 5-октябрындагы № 163, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2012-жылдын 29-майындагы № 70, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2016-жылдын 20-майындагы № 68, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 41, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын 12-майы № 62, 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141, 2023-жылдын 16-февралындагы N 33, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам акционердик коомдорду түзүүнүн тартибин жана укуктук абалын, алардын акционерлеринин укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле акционерлердин укуктары менен таламдарын коргоону камсыз кылат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана түзүлүп жаткан бардык акционердик коомдорго жайылтылат.
Мамлекеттин колунда акциялардын үчтөн эки бөлүгү болгон стратегиялык объектилердин, электроэнергетиканы бөлүштүрүү компанияларынын базасында уюшулган акционердик коомдордун мүлктөрүн концессияга берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү концессиялык келишим менен аныкталат.
Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун укуктук жоболорунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
3. Ушул Мыйзамдан келип чыгуучу корпоративдик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жана аларга көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондду, инвестициялык фондду түзүүнүн, камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруучу акционердик коомдордун ишинин өзгөчөлүктөрү бул коомдордун иштерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.