Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6 - ноябрындагы № 723 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун ушул Тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик башкаруунун республикалык жана жергиликтүү деңгээлинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун эрежелерин жана процессин, ошондой эле болжолду иштеп чыгуу процессинде республикалык жана жергиликтүү аткаруучу органдардын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын, мамлекеттик жана тармактык программаларды, өлкөнүн стратегиялык өнүгүшүнүн өз ара байланышын, социалдык-экономикалык болжолдоолордун жана бюджеттик пландоолордун параметрлерин белгилөө максатында мамлекеттик башкаруунун республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеринде орто мөөнөттүү мезгилге жана узак мөөнөттүү мезгилге иштелип чыгат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мамлекеттик башкаруунун республикалык деңгээлинде - макроэкономикалык максаттуу параметрлер, социалдык параметрлердин болжолдору, жылдар боюнча бөлүштүрүү менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү артыкчылыктар жана көрсөткүчтөр;
2) мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлинде - региондорду жана райондорду өнүктүрүүнүн тармактык/сектордук максаттары, жылдар боюнча бөлүштүрүү менен региондорду жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тенденциялары, артыкчылыктары жана көрсөткүчтөрү;
3) тармактык деңгээлде - өлкөнү/регионду өнүктүрүүнүн макроэкономикалык милдеттерине жараша тармакты/секторду өнүктүрүүнүн максаттарын жана негизги багыттарын, тенденцияларды, мыйзам ченемдүүлүктөрдү белгилөө, жылдар боюнча бөлүштүрүү менен тармактарды/секторлорду өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү.
3. Узак мөөнөттүү болжолдорду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык ишке ашырылат, анда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү болжолу жөнүндө документтин долбоорун берүүнүн тартиби жана мөөнөтү көрсөтүлөт. Узак мөөнөттүү болжолдор Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн концепцияларын, стратегияларын иштеп чыгууда пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы N 265 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик башкаруунун республикалык деңгээлиндеги болжолун экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы N 265 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү деңгээлиндеги болжолун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тармактык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көмөгү менен иштеп чыгышат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.