Загрузка документа…
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар"
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158, 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 , 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 696, 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (мындан ары - МУ) балдарды тарбиялоо, окутуу, өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо, багуу жана кароо боюнча ишти жүзөгө ашырууда алардын ден соолугун коргоого багытталган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул санитардык эрежелер төмөнкүлөргө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт:
- МУ жайгашуу шарттарына;
- жабдууларга жана аймакты күтүүгө;
- жайларга, аларды жабдууга жана күтүүгө;
- жайларды табигый жарыкка жана жасалма жарыктандырууга;
- жылытууга жана желдетүүгө;
- суу менен жабдууга жана канализацияга;
- атайын МУга;
- МУга жана балдар кыска мезгилде болгон топторго;
- тамактандырууну уюштурууга;
- медициналык камсыз кылууга;
- МУда балдарды кабыл алууга;
- күн режимин уюштурууга;
- дене тарбияны уюштурууга;
- персоналдын жеке гигиенасына;
- санитардык эрежелерди сактоого.
3. Санитардык эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылат:
- түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан иштеп жаткан, долбоорлонуучу, курулуучу жана реконструкциялануучу МУ объекттерине;
- юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар (жеке ишкерлер) да колдоно ала турган турак эмес жайларга.
Мында бул санитардык эрежелердин аймакты зоналаштыруу, кабаттуулугу, жайлардын топтому жана аянты бөлүгүндөгү талаптар ушул санитардык эрежелер кабыл алынганга чейин эксплуатациялоого берилген МУга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жалпы өнүктүрүү багытындагы МУда балдардын курактык топторунун саны жана катышы алардын чектүү толушуна жараша аныкталат:
ясли курагындагылар үчүн:
- 1 жаштан 3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтор - 25 балага чейин;
- топто эки курактагы (1 жаштан 3 жашка чейин) балдар болсо - 20 баладан ашык эмес;
3 жаштан жана андан жогору мектепке чейинки курактагылар үчүн - 30 баладан ашык эмес:
- топто ар кандай эки курактагы (3-6 жаштагы) балдар болсо - 25 баладан ашык эмес;
- мектепке чейинки вариативдүү билим берүү уюмдарынын топтору ар кандай курактагы балдар менен толукталышы мүмкүн. Ошол эле учурда ар кандай курактагы топтун толушу 25 баладан ашпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген бала бакчада балдардын курактык топторунун саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектик толушу тиешелүү түрдө төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- сүйлөө жөндөмү бузулган балдар үчүн - 16 баладан;
- фонетика-фонематикалык сүйлөө бузулуулары бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 20 баладан;
- дүлөй балдар үчүн - 6 баладан;
- угуусу начар балдар үчүн - 10 баладан;
- көзү азиз балдар үчүн - 6 баладан;
- көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн - 10 баладан;
- таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдар үчүн - 8 баладан;
- психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн - 12 баладан;
- жеңил даражадагы акыл-эс бузулуулары бар балдар үчүн - 12 баладан;
- орточо, оор даражадагы акыл-эс бузулуулары бар, 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 8 баладан;
- аутизми бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 5 баладан;
- оор деффекти бар (дене бой жана/же психикалык өнүгүүсүндө 2 же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн - эки курактагы топ үчүн 5 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн - 15 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, анын ичинде кургак учук интоксикациясы бар балдар үчүн - 15 баладан.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
6. МУ жайларын багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт.
Иштеп жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, эгерде уктоочу жайлар бүктөлүүчү, жыйналуучу жана/же суурма керебеттер, уктоочу жабдуулардын башка жеңил түрлөрү жана эмерек менен жабдылган болсо, уктоодон бош убакытта оюндарды, сабактарды өткөрүү жана тамак-аш ичүү үчүн пайдаланууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 689 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.