ПравилаКүчүндө

«Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар» САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген)

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

5-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген

"Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ

1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү

1. "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарда (мындан ары - МУ) балдарды тарбиялоо, окутуу, өсүп-өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо боюнча иш жүргүзүүдө балдардын ден соолугун коргоого багытталган.

2. Ушул санитардык эрежелер төмөнкүлөргө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт:

- МУ жайгашуу шарттарына;

- жабдууларга жана аймакты күтүүгө;

- жайларга, аларды жабдууга жана күтүүгө;

- жайларды табигый жарыкка жана жасалма жарыктандырууга;

- жылытууга жана желдетүүгө;

- суу менен жабдууга жана канализацияга;

- атайын МУга;

- МУга жана балдар кыска мезгилде болгон топторго;

- тамактандырууну уюштурууга;

- медициналык камсыз кылууга;

- МУда балдарды кабыл алууга;

- күн режимин уюштурууга;

- дене тарбияны уюштурууга;

- персоналдын жеке гигиенасына;

- санитардык эрежелерди сактоого.

3. Санитардык эрежелер долбоорлонуп, иштеп, курулуп жана кайрадан конструкцияланып ииткан МУга алардын түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан таралат. Ошол эле учурда аймакты, кабаттуулуктарды, жайларды топтоо жана аянттарды зоналаштыруу жагындагы ушул санитардык эрежелердин талаптары ушул санитардык эрежелер кабыл алынганга чейин пайдаланууга киргизилген МУларга таралбайт.

4. Жалпы өнүктүрүүчү багыттагы МУда балдардын курактык топторунун саны жана катышы алардын чектик толушуна жараша аныкталат:

ясли курагындагылар үчүн:

- 6 айдан 1 жашка чейин - 10 адамдан көп эмес;

- 1,5 жаштан 2 жашка чейин - 15 адамдан көп эмес;

- топто эки курактагы балдар болгондо (1,5 жаштан 3 жашка чейин) - 10 адамдан көп эмес;

мектепке чейинки курактагылар үчүн:

- 2 - 3 жаштан 1 кенже топ - 20 адамдан көп эмес;

- 3 - 4 жаштан 2 кенже топ - 20 адамдан көп эмес;

- 3 - 5 жаштагы ортончу топ - 25 адамдан көп эмес;

- 5 - 6 жаштагы чон топ - 25 адамдан көп эмес;

- топто эки курактагы (3-7 жаш) балдар болсо - 20 адамдан көп эмес (оптималдуу - 15 адам).

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн багыттагы мектепке чейинки уюмдарда адистиштирилген бала бакчаларга балдардын саны жана курактык топторунун катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 6 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектүү толушу, тиешелүү түрдө, төмөнкүдөн көп болбоого тийиш:

- сүйлөө речи бузулган балдар үчүн - 10 бала;

- 3 жаштан жогору курактагы гана, сүйлөө речи фонетикалык-фонематикалык бузулган балдар үчүн - 12 бала;

- дүлөй балдар үчүн - эки курактык топ үчүн 6 бала;

- кулагы катуу балдар үчүн - 6 жана 8 бала;

- азиз балдар үчүн - эки курактык топ үчүн 6 бала;

- начар керген, амблиоптуу, чалыр көздүү балдар үчүн - 6 жана 10 бала;

- таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн - 6 жана 8 бала;

- психикалык өнүгүшү кечеңдеген балдар үчүн - 6 жана 10 бала;

- бир аз акыл-эси артта калган балдар үчүн - 6 жана 10 бала;

- 3 жаштан жогору курактагы гана, орточо, оор даражада акыл-эси артта калган балдар үчүн - 8 бала;

- 3 жаштан жогору курактагы гана, аутизми бар балдар үчүн - 5 бала;

- оор дефектиси бар балдар үчүн (дене бой жана (же) психикалык жактан өнүгүүсүндө 2 же андан кеп жетишпестиктин айкалышы бар) - эки курактык топ үчүн 5 бала;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү башкача чектелген балдар үчүн - 10 жана 15 бала.

6. МУ жайларын багыты боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

7. Ушул санитардык эрежелердин аткарылышын контролдоону Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жагындагы ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жайгаштырууга коюлган талаптар

8. МУнун имараттарын ушул санитардык эрежелердин талаптарына ылайык шаар көчөлөрүнөн, квартал арасындагы жолдордон алыс болгон, ызы-чуунун жана атмосфералык абанын булганышынын жол берилген деңгээлин камсыз кылуучу аралыкта турак кичи райондордун квартал ичиндеги аймактарында жайгаштырылат. МУнун участогунун чегинен жолго чейинки аралык 25 метрден кем эмес болбоого тийиш.

9. МУнун имараттары адамдар жашаган зонада, ишканалардын, курулмалардын санитардык-коргоо зоналарынан, гараждардан, автомобиль коюучу жайлардан, автомагистралдардан, темир жол транспортунун объекттерннен, аба транспортунун учуу жана конуу маршруттарынан тышкары жайгашуусу зарыл.

10. МУнун аймагы аркылуу шаардык (айылдык) багыттагы магнетралдык инженердик коммуникациялар: суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук менен камсыз кылуу, энергия менен камсыз кылуу өтпөшү керек.

11. Аэрациянын шарттары боюнча МУнун участоктору бардык климаттык райондордо басымдуулук кылган шамал агымдарынын төмөндөтүлгөн ылдамдык зонасында, аэродинамикалык көлөкөдө жайгаштырылат.

12. Оюн аянтчаларын МУнун имараттарынын үстүндө жайгаштырууга тыюу салынат.