Загрузка документа…
Тиркеме
"Калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 293, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери" (мындан ары - Санитардык эрежелер) санаторийлик-курорттук жана билим берүү уюмдарында тамактанууну жана медициналык камсыздоону жайгаштырууга, иштетүүгө жана уюштурууга, өздүк гигиенанын эрежелерин сактоого санитардык эпидемиологиялык талаптарды белгилейт.
2. Санитардык эрежелер долбоорлонгон, курулуп жаткан, реконструкцияланган жана иштеп жаткан объекттерге карата, алардын баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабай жайылтылат.
3. Мурда курулган объекттер ушул объекттерди куруу долбооруна ылайык эксплуатацияланат.
4. Объекттин иштөөгө даярдыгы бийликтин аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн комиссия тарабынан аныкталат жана Санитардык эрежелердин 1-тиркемесине ылайык акт менен таризделет.
5. Ушул Санитардык эрежелердин аткарылышын Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
6. Ушул Санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
7. Ушул Санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) бракераж - азык-түлүк продукттарынын, даяр тамак-аштын сапатын баалоо;
2) биодаараткана - канализациясы жок көчмө даараткана, анын ичиндегилери атайын биокошумчалардын таасири менен чирип жок кылынат;
3) конок үйү - номерлеринин саны 25тен көп эмес адамдардын жашап турушуна эсептелген турак жай;
4) дезинфекциялоочу жана дезинсекциялоочу каражаттар - инфекциялык (мите курт) оорулардын козгогучтарын жана курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн колдонуучу химиялык заттар;
5) суу булактарын санитардык коргоо зоналары - ичүүчү суу менен камсыздоо булагын, суу түтүк курулмаларын жана ичүүчү сууну булгануудан коргоо максатында, чарбалык жана башка иштин өзгөчө режими орнотулган аймак жана (же) акватория;
6) коргоо зонасы (айлана-чөйрө жаатында) - чарбалык иш-аракеттеринде же жаратылыштын табигый күчүнүн зыяндуу кесепеттерин болтурбоо максатында мыйзам боюнча атайын коргоо режими берилген табигый (жер, суу, жер астындагы байлык) мейкиндиктин бир бөлүгү;
7) рекреациялык зона - айлана-чөйрөнүн эс алуу жана туризм үчүн пайдаланылган мейкиндигинин бөлүгү, анын ичинде жашыл, курорттук, дарылап-сакайтуучу зоналар;
8) санитардык коргоо зоналары - булгоочу заттардын атмосферанын жерге жакын катмарында камтылышынын талап кылынган гигиеналык ченемдерин камсыздоого, ишканалардын, транспорт коммуникацияларынын, электр берүү линияларынын калкка тийгизген терс таасирин, физикалык таасир этүү факторлорун - ызы-чуунун, жогорку деңгээлдеги вибрациянын, инфрадобуштун, электр магниттик толкундун жана статикалык электрдин таасирин азайтууга арналган аймак;
9) инсоляция - аянтчаны, бөлмөнү, имаратты гигиеналык баалоо үчүн күн радиациясынын ченемделген көрсөткүчү;
10) климаттык зона - климаттык белгилери боюнча (температура, нымдуулук) бөлүнүүчү аймак;
11) курорт - оорулардын алдын алуу жана дарылоо максатында өздөштүрүлгөн жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймагы, анын ичинде табигый дарылык ресурстар жана аларды эксплуатациялоо үчүн керектүү имараттар менен курулмалар, инфраструктура объектилери бар;
12) суунун органолептикалык касиеттери - суунун даамы, жыты, түсү, киргилдиги;
13) дарылоочу пляж - табигый же жасалма көлмөлөрдүн жээк участоктору, дарылоо-профилактикалык процедураларда жана медициналык персоналдын көзөмөлү алдында сууга түшүү үчүн жабдууланган жээк;
14) жээк тилкеси - жээк сызыгына ыкташкан суу объектисинин суу коргоо зонасынын аймагынын бир бөлүгү;
15) санаторийлик-курорттук уюмдар - санаторийлер, профилакторийлер, пансионаттар, эс алуу жайлары жана базалары, туристтик базалар, спорттук ден-соолукту чыңдоо лагерлери, балдар лагерлери жана башка дарылоо, ден-соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөткөн жана дарылоочу, ден соолукту чыңдоочу жерлерде жайгашкан, жеке менчик жана менчиктин башка түрүндөгү башка уюмдар (мындан ары - объекттер);
16) санитардык үзүлүш - зыяндуу таасир этүү булагынан турак жай курулуштарынын, ландшафттык-рекреациялык зоналардын, эс алуу зонасынын, курорттун чегине чейинки минимумдук аралык;
17) солярий - күн процедураларын кабыл алуу үчүн жабдууланган аянтча, бөлмө;
18) билим берүү уюмдары - бош убактысын жана эс алуусун уюштуруу, ден соолугун бекемдөө, кесиптик багыт алуу жана адамдын интеллектуалдуу өнүгүшү максатында маданий-эстетикалык, илимий-табигый экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка багыттагы жалпы билим берүү (жалпы билим берүүчү мектеп, окуу-тарбиялык комплекси, автордук окуу-тарбиялык комплекс, мектеп-лицей, мектеп-гимназия) жана мектептен тышкары билим берүү уюмдары.
3-глава. Объекттерди жайгаштырууга талаптар
8. Объекттер шаардык жана айылдык калктуу пункттарды пландоого жана курууга, курорттук комплекстерди өнүктүрүү боюнча башкы пландарга, курорттук-рекреациялык аймактардын объекттерин куруу, көрктөндүрүү, техникалык эксплуатациялоо жана кармоо эрежелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдерине ылайык жайгаштырылат.
9. Объекттерди куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
10. Объекттерди санитардык коргоо зоналарынын аймагына, ичүүчү суунун түтүктөрүнүн жана суу камсыздоо булактарынын санитардык коргоо зонасынын биринчи белине, автомагистралдардан санитардык ажырымдарда, автотранспорт туруучу жайларда, темир жол транспортунун объектилеринде, аба транспортунун учуу жана конуу маршруттарында, мурда таштанды ыргытууга колдонулган жерлерге, мал жандыктарды көмгөн жайларда, ассенизация талааларында, көрүстөндөрдө, ошондой эле химиялык, бактериялык жана кыртыштын башка булганган жерлерине жайгаштырууга тыюу салынат.
11. Объекттин аймагындагы кыртышта/кумда зыяндуу химиялык заттарды камтуу деңгээли Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Жер кыртышындагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары жана болжолдуу жол берилген саны" гигиеналык ченемдерине ылайык келиши керек. Кыртыштын/кумдун табигый радионуклиддеринин салыштырма натыйжалуу активдүүлүгү 370 Бк/кг (радиоактивдүү булактын активдүүлүгүн 1 кг карата өлчөө бирдиги) ашпоого тийиш.
12. Объекттердин аймагындагы кыртыштарда/кумдарда төмөнкүлөр болушуна жол берилбейт:
- патогендүү бактериялар, энтеровирустар;
- геогельминттердин тукумдары, чымындын личинкасы менен көпөлөктүн курту.
13. Кыртыштын/кумдун эпидемиялык коркунуч даражасы бул Санитардык эрежелердин 1-таблицасына ылайык бааланат.
1-таблица
Кыртыштын/кумдун эпидемиялык коркунуч даражасын баалоо
Кыртыштын/ кумдун булгануу категориясы | БГКП Индекси (ичеги таякчасы тобундагы бактериялар | Энтерококктордун индекси | Патогендүү бактериялар, анын ичинде сальмонеллалар | Геогельминттердин тукумдары, нускасы/кг | Чымындардын личинкалары - Л көпөлөктүн курту - К, нуска, кыртышта 20x20 см аянты менен |
Таза | 1-10 | 1-10 | 0 | 0 | 0 |
Орто коркунучтуу | 10-100 | 10-100 | 0 | 10 чейин | Л 10 чейин К - отс. |
Коркунучтуу | 100-1000 | 100-1000 | 0 | 100 чейин | Л 100 чейин К 10 чейин |
Өтө коркунучтуу | 1000 жана андан жогору | 1000 жана андан жогору | 0 | > 100 | Л > 100 К > 10 |
14. Объекттер шаардан сырткы зонада, токой массивдеринин жана көлмөлөрдүн жанында, ызы-чуу жана атмосфералык абанын булганган жагына шамалдоочу багытында, булгануу булактарына карата көлмөлөрдөн жогору жакта жана санитардык коргоо зоналарын сактоо менен жайгаштырылат.
15. Объекттердин аймактарына шаардын (айылдын) магистралдык инженердик коммуникацияларын: суу менен камсыздоону, канализацияны, жылуулук, электр менен камсыздоону тартууга тыюу салынат.
4-глава. Аймактарга, имараттарга жана бөлмөлөргө карата талаптар
16. Объекттердин аймактары 1 кишиге 6 квадраттык метр эсеби боюнча жашылдандырылат, корголот, түнкү убакта жарык берилет (жерде жарык берүүнүн деңгээли 10 люкстан кем эмес). Балдардын ден соолугун чыңдоого арналган объекттер өзүнчө зоналарда жайгаштырылат жана туурасынан кеминде 100 метр аралыкта бак дарак тилкеси менен чоңдордун ден соолугун чыңдоо объекттеринен бөлүнөт.
17. Аймактын аянтынын 50%да, анын ичинде оюн, дене тарбия аянтчаларында, эс алуу зоналарында инсоляциянын узактыгы күнүнө 2,5 сааттан 3 саатка чейин ченемделет.
18. Бөлмөлөрдө жана объекттердин аймактарында табигый инсоляцияны жана жарык берилишин азайтуу үчүн имараттардын терезелеринен 5 метр аралыкта бадалдар, 15 метр аралыкта тал-теректер отургузулат.
19. Объекттердин аймагы долбоордук документацияга ылайык жайгаштырылат: курчалат, багытына жараша турак жай, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, эки жактан кире турган жолу менен (негизги жана чарбалык) административдик, чарбалык зоналарына бөлүнөт. Автотранспорттор үчүн токтотмо жайлар каралат.
20. Турак жайлардын зонасында уктоочу корпустар, тамактануу, дарылоо, маданий-массалык жана административдик тиричилик бөлмөлөрү жайгаштырылат. Тейлөөчү персоналдын турак жай имараттары негизги курулмалардын участогунан өзүнчө жайгаштырылат.
21. Дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо зонасында дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо аянтчалары, дене тарбия-спорттук курулмалар, оюн аянтчалары каралат.
22. Объекттердин дене тарбия аянтчалары уктоочу бөлмөлөрдөн кеминде 50 метр аралыкта жайгаштырылат.
23. Объекттердин административдик-чарбалык зонасында административдик корпустар, тиричилик калдыктарын жана таштандыларды чогултуу үчүн контейнерге аянтчалар жайгаштырылат.
24. Тамак-аш жана катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн контейнерлер имараттардан, эс алуу жайларынан, оюн жана дене тарбия аянтчаларынан кеминде 25 метр аралыкта суу өткөрбөөчү катуу тыштуу аянттарда жайгаштырылат.
25. Контейнерлердин аянтчалары үч тарабынан колдонуудагы контейнерлердин бийиктигинен ашкан шамал өткөрбөөчү тосмолор менен жабдылат. Аянттарынын көлөмү контейнерлердин аянтынын ар бир жагынан 1,0 метрге кенен болот.
26. Объекттердин имараттары суу, канализация, жылуулук, вентиляция, жарык менен камсыздалат.
27. Объекттердин аймагында жана бөлмөлөрдүн ичинде ызы-чуунун уруксат берилген деңгээли Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу" санитардык эрежелери жана ченемдери менен бекитилген талаптарга ылайык ченемделет.
28. Жайы-кышы иштөөчү имараттарга кире турган жерлер тамбур жана аба-жылуулук далдалары менен жабдууланат.
29. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жылып жүрүүдө имараттардын кире беришинде жана ичинде алардын жүрүүсүн камсыздоо үчүн атайын түзүлүштөр каралат (коляскаларга пандустар, ар кандай деңгээлдеги кармоочтор, лифттер же көтөргүчтөр, атайын жабдууланган санитардык тиричилик бөлмөлөрү, бөлмөлөрдө кире бериштери жана коридорлору кенен, лифттер менен түртүүчү керебеттер жана башка ыктамалар). Көзү көрбөгөн жана чала көргөндөр үчүн үстүндөгү жана астындагы тепкичтер, кармоочтордун биринчи жана акыркы участкалары быдырлуу жана контрасттуу сырлар менен белгиленет.
30. Бөлмөлөрдүн топтому жана аянттары объекттердин багытын эске алуу менен кабыл алынат.
31. Объекттердин имараттарынын жана бөлмөлөрүнүн архитектуралык пландоо жана конструктивдүү чечимдери, жасалгалары жана жабдылышы, алардын багытына ылайык аткарылат.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, тамеки чегүүгө толук тыюу салынган жерлерде тамеки чегүүгө тыюу салуу белгилери жана тамеки чегүү үчүн атайын бөлмөлөр тууралуу маалыматтар жайгаштырылат.
32. Багыттарына жараша объекттерде төмөнкүлөр каралат:
- турак жай бөлмөлөрү;
- коомдук тамактануу бөлмөлөрү (ашкана, кафе, ресторан);
- медициналык багыттагы бөлмөлөр;
- административдик бөлмөлөр;
- кабыл алуу бөлмөлөрү;
- маданий-массалык иш-чаралар үчүн зал;
- китепкана;
- интернет-кафе;
- спорт залы;
- бассейн;
- бий залы же аянтчасы;
- клубдар, кинотеатрлар;
- конференция өткөрүү үчүн залдар;
- тиричилик тейлөө объекттери;
- коммуналдык-чарба объекттери жана башкалар.
33. Медициналык багыттагы бөлмөлөрдүн топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык эрежелери жана ченемдери менен бекитилген талаптарга ылайык каралат.
34. Медициналык багыттагы бөлмөлөрдүн курамы жана жабдуулары төмөнкүлөр үчүн шарттарды камсыздайт:
- кабыл алуу жана медициналык жардам көрсөтүү;
- объекттин багытына ылайык диагностикалык жана дарылоо-реабилитациялык кызматтарын көрсөтөт;
- бейтаптарды обочолотуу (медициналык изолятор).
35. Изолятордо айыгып бараткан балдар үчүн өзүнчө кирүү түзүлүшү жана оорулуу балдарды эвакуациялоого атайын кирүүчү жолу менен оюн жана сейилдөө үчүн атайын зоналар бөлүнөт.
36. Объекттерде карала турган бассейндер, кир жуучу жайлар, мончолор, сауналар, мейманканалар Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдерине ылайык эксплуатацияланат.
37. Турак бөлмөлөрү, окуу жана ийрим бөлмөлөрү, тамактануу залдары жер алдындагы кабатта жана бөлмөлөрдө жайгаштырууга тыюу салынат.
38. Имараттардын жер алдындагы кабатында, аларда терезе, аба менен камсыздоо жана желдетүү системасы болгон учурда спорт, бий жана салтанаттар залы, кийим чечүүчү жайлар, административдик бөлмөлөр, кир жуугуч жайлар, кампалар, ашкананын өндүрүштүк бөлмөлөрү, машина орнотмолору менен муздаткыч камералары жайгаштырылат.
39. Объекттердин жер алдындагы бөлмөлөрүндө ок атуу үчүн тир, кампа жана көмөкчү бөлмөлөр, вентиляциялык камералар, көтөргүч-лифттер жана башка көмөкчү кызматтар жайгаштырылат.
40. Рентген кабинеттери жана ызы-чуу-вибрациялык жабдууларды уктоочу бөлмөлөрдүн жана дарылоо-диагностикалык бөлмөлөрдүн алдында, үстүндө, аралаш жайгаштырууга тыюу салынат.
41. Дезинсекциялоо жана дератизациялоо иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген Дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча колдонмого ылайык жүргүзүлөт.
Дезинсекциялоо жана дератизациялоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү датасы, колдонуучу каражаттардын аталышы жана саны администрация тарабынан эсепке алуу документациясында катталат.
42. Бөлмөлөрдү функциялык багытта эмес пайдаланууга тыюу салынат.
5-глава. Объекттердин канализациясына жана суу менен камсыздалышына карата талаптар
43. Объекттердин имараттары суу жана канализация системалары менен камсыздалат. Ички суу түтүгү тартылбаган имаратта объекттерди жайгаштырууга жол берилбейт. Объектте эпидемиялык жана радиациялык жактан коопсуз, "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламенти" жана "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык химиялык курамы боюнча зыянсыз ичүүчү суу пайдаланылат.
44. Аш блогунун өндүрүштүк бөлмөлөрү, кир жуучу бөлмөлөр, мончолор, чайкануу, жуунуу бөлмөлөрү, өздүк гигиена кабиналары, медициналык багыттагы бөлмөлөр ысык суу менен камсыздалат.
45. Аш блогунун өндүрүштүк бөлмөлөрүн, кир жуучу бөлмөлөрдү, мончолорду, чайкануу, жуунуу бөлмөлөрүн, өздүк гигиена кабиналарын, медициналык багыттагы бөлмөлөрдү жылуу суу менен борборлоштуруп камсыздоо болбогондо, акма типтеги резервдүү суу жылыткычтары коюлат.
46. Турак корпустарында, ашкана, медициналык, дене-тарбия ден соолукту чыңдоо, маданий массалык багыттагы, кызмат-тиричиликтик бөлмөлөрдө, кир жуучу, чайкануучу жайларда, өзүнчө турган дааратканаларда жана жуунуучу жайларда чарбалык тиричилик канализация түзүлүшү каралат.
47. Объекттердин аймагында короодогу канализациялык дааратканалар жана короодогу чуңкурдуу дааратканаларды, стационардуу биодааратканаларды орнотууга уруксат берилет.
48. Короодогу канализациялык дааратканалар биодааратканалар турак зоналарынан жана ашканалардан кеминде 25 метр аралыкта, сууга түшүү жайларынан кеминде 50 метр аралыкта 35 кишиге 1 даараткана оруну эсептелип орнотулат.
49. Объекттерде борборлошкон канализация системасы болбогондо, чуңкур типтеги суу өткөрбөй турган короодогу чуңкур дааратканалар жээк тилкесинен кеминде 100 метр аралыкта орнотулат. Чатыры, чуңкурунун 3/2 бөлүгү толгон жана тосмолору жок короодогу дааратканаларды орнотууга жана колдонууга тыюу салынат.
50. Дааратканалардын чуңкурларын кир-коктон тазалап чыгаруу атайын (ассенизация жолу менен) транспорт менен айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги тармагындагы ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча атайын бөлүнгөн жерлерге жүргүзүлөт.
51. Чарбалык-тиричилик агынды сууларын тазалоо жана зыянсыздандыруу жалпы шаардык же башка канализациялык тазалоо курулмаларында жүргүзүлөт. Локалдык тазалоо курулмалары өндүрүүчүнүн техникалык документацияларына ылайык жабдылат.
52. Кургак учукка каршы санаторийлердеги агынды сууларды канализацияга агызуунун алдында, алар дезинфекцияланууга тийиш.
53. Объекттердеги чарбалык ичүүчү, ысык суу менен камсыздоо жана канализация системалары оң абалда кармалышы керек.
6-глава. Объекттердеги бөлмөлөрдү жылытууга, желдетүүгө, алардын микроклиматына жана абасына карата талаптар
54. Объекттердин имараттары жылуулук менен жабдуу, желдетүү, кондиционерлөө системалары менен камсыздалат.
55. Бөлмөлөрдөгү микроклимат (температура, салыштырмалуу нымдуулук, аба кыймылынын ылдамдыгы) ушул Санитардык эрежелердин 2-таблицасында көрсөтүлгөн параметрлерге ылайык ченемделет:
2-таблица
Объекттердин бөлмөлөрүндө микроклиматтын ченемделген параметрлери
№ | Бөлмөлөр | Абанын температурасы (+°C) | Абанын салыштырма нымдуулугу (%,) | Абанын кыймыл ылдамдыгы м/сек. |
1 | Вестибюль, гардероб | 16-18 | 40-60 | 0,1-0,2 |
2 | Рекреациялар, окуу бөлмөлөрү, салтанаттар залы, ашкана, турак жайлар, ашкана, оюн бөлмөлөрү | 18-24 | 40-60 | 0,1-0,2 |
3 | Дарыгердин кабинети, процедуралык жай | 20-22 | 40-60 | 0,1-0,2 |
4 | Дарылоочу дене тарбия жана дене тарбия сабактарын өтүү залдары | 18-20 | 40-60 | 0,1-0,2 |
5 | Чайкануу бөлмөсү | 25 | 70-95 | 0,1-0,2 |
6 | Изолятор | 20-22 | 40-60 | 0,1-0,2 |
7 | Массаж бөлмөсү | 22 | 40-60 | 0,1-0,2 |
8 | Чечинүүчү жай | 25 | 40-60 |
|
9 | Бассейн залдары | 25-26 | 60-70 | 0,1-0,2 |
56. Объекттерде дезинфекциялоочу жана жуучу эритмелерге туруктуу болгон, жылмакай тыштуу, ысытуучу жылыткыч приборлору колдонулат. Жылыткыч приборлоруна күнүмдүк тазалоо жана иштетүү үчүн эркин жетүү камсыз кылынат.
57. Балдардын бөлмөлөрүндө инфракызыл нурдануусу менен көтөрүп жүрүүчү жылыткыч приборлору жана жылыткычтар колдонулбайт.
7-глава. Бөлмөлөргө жарык берүүнүн жана инсоляциянын талаптары
58. Объекттердин бөлмөлөрүнө ар кандай функциялык (медициналык, билим берүү) багыттагы бөлмөлөр үчүн коюлган гигиеналык талаптарга ылайык табигый жана жасалма жарык берилиши керек.
59. Ар түрдүү сабактар формасында окутуунун жана тарбиялоонун уюшулган процесси жүргөн объекттерде терезеден жумушчу бетине сол тараптуу жарык түшкөнү камсыздалат.
60. Таяныч-кыймылдаткыч аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кабыл алуунун жана кароонун медициналык багыттагы бөлмөлөрүндө, турак жай жана окуу бөлмөлөрүндө комбинацияланган жарык берүү системасы каралат (дубалга жана потолокко тагылуучу чырактар).
61. Уктоо корпустарында кезектик (түнкү) жарык берүү каралат.
62. Капталдан табигый жарык берилгенде табигый жарык берилишинин коэффициенти төмөндөгүдөн кем эмес ченемделет:
2% - сүрөт тартуу сабактары өтүүчү бөлмөлөрдө;
1,5% - окуу бөлмөлөрүндө жана процедуралык кабинеттерде (медициналык багыттагы бөлмөлөрдүн тобу);
1,0% - дарыгердин кабинетинде;
0,5% - турак жайларда.
63. Объекттердин окуу кабинеттериндеги жана турак бөлмөлөрүндөгү терезелер жөнгө салынуучу күндөн коргогон түзүлүштөр же ачык түстөгү натуралдык материалдардан жасалган пардалар менен жабдылат.
64. Окуу бөлмөлөрүндө, "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелеринин жана гигиеналык ченемдеринин" талаптарына ылайык белгиленген жарыктандыруунун гигиеналык параметрлерине ылайык жайлардын жетиштүү, бирдей жарыктандырууну камсыз кылган люминесценттик лампалар, жарыкдиоддор жана электр лампалары колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)