Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 731
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелери жөнүндө
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын жеке даттанууларын (билдирүүлөрүн) жана чечимдерин (пикирлерин) кароо механизмин тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кеңешке жиберилген жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топторду түзөт.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731 токтому менен бекитилген |
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 , КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын чечимдерин камсыздоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерине байланыштуу пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
Ушул Жобо жеке билдирүүлөр келип түшкөндө мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги аныктамалар колдонулат:
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары - күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, функциялары адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин аткарылышын контролдоону караган БУУнун эл аралык органдары.
Компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктарынын бузулушу жөнүндө жеке билдирүүлөрдү кароо болуп таанылган БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына төмөнкүлөр кирет: БУУнун адам укуктары боюнча комитети жана БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитети. Муну менен бирге атайын баяндамачынын функциялары болуп БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын пикирин аткаруу маселелери боюнча мамлекет менен коммуникацияны киргизүү саналат.
Билдирүү (жеке даттануу/арыз) - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, эл аралык келишимдерде баяндалган кайсы бир укуктардын Кыргыз Республикасы тарабынан бузулушуна даттануу менен Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы алдында турган адамдын компетенциясы ушундай кайрылууларды кабыл алуу жана кароо күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Билдирүүнүн алгылыктуулугу - БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары тарабынан билдирүүнү каттоо жана кароо үчүн зарыл болгон формалдуу шарттарды сактоону талап кылуу.
Билдирүүнүн маңызы - билдирүүнүн мазмуну, анын негизинде БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге ылайык жабырлануучунун - арыз ээсинин болжолдонгон укуктары бузулгандыгы же бузулбагандыгы жөнүндө чечим кабыл алат;
Арыз ээси - БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органына билдирүү, жеке даттануу берген адам (адам укуктарынын бузулушунун болжолдонгон курмандыгы, анын өкүлү).
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органынын чечими - чечим же пикир түрүндө билдирүүнүн маңызы боюнча кабыл алынган БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын актысы.