Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198, 2020-жылдын 20-февралындагы № 101, 2020-жылдын 11-майындагы № 247 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (мындан ары - ИИМ ЖКККББ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүгү болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдук, көзөмөлдүк жана уруксат берүүчү функцияларды, ошондой эле автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
ИИМдин ЖКККББ юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. ИИМдин ЖКККББнын иши мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун, адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сыйлоонун, ачыктыктын принциптерине таянат.
ИИМдин ЖКККББ жарандардын өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн сактоо, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максатында менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана ар кандай уюмдары, кызмат адамдары жана жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар (мындан ары - жарандар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча башка ченемдик укуктук актыларын, эрежелерин, стандарттарын жана техникалык ченемдерин сактоосун, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыздайт.
3. ИИМдин ЖКККББ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ИИМдин ЖКККББ өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер менен өз ара байланышта жүргүзөт, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
2. ИИМдин ЖКККББнын негизги милдеттери
5. ИИМдин ЖКККББга төмөнкүдөй милдеттер тапшырылат:
1) жарандардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана ар кандай мыйзамга каршы кол салуулардан коргоо;
2) кылмыштар жана укук бузуулар жөнүндө арыздарга жана билдирүүлөргө дароо чара көрүү, кылмыштарды жана укук бузууларды токтотуу, кылмыш кылганга же укук бузганга шектүү адамдарды кармоо боюнча зарыл чараларды көрүү;
3) алдын алуучу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү, кылмыштарды, укук бузууларды токтотуу жолу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
4) жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарын орнотуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген контролду жана көзөмөлдү, ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 198, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)