Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-апрели № 186
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 331, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324, 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу бирдиктүү системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси;».
5. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү концепциясында:
- 5-главанын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун» деген сөздөр «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Тутумду башкаруу
«Кыргызтест» тутумун башкарууну «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ишке ашырат, ал мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун – «Кыргызтестти» түзөт.».
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун «Кыргызтест» башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жана финансы каражаттарын «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- 14 324 381 (он төрт миллион үч жүз жыйырма төрт миң үч жүз сексен бир) сом өлчөмүндөгү акча каражатын издеп тапсын жана 2018-жылы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин ишин каржыласын;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
12. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ж. Исаков |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтому менен бекитилген |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-апрели № 186
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 331, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324, 2022-жылдын 30-мартындагы № 180, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу бирдиктүү системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ: