Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому менен бекитилген |
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149, 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584, 2020-жылдын 24-августундагы № 442, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385, 2023-жылдын 13-июнундагы № 296, 2024-жылдын 27-августундагы № 506, 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 689, 2026-жылдын 10-апрели № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк") ай сайын берилүүчү жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) жарды жаран - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн (анын ичинде жалгыз жашаган жарандын) айлык кирешеси Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жыл сайын аныкталуучу кедейликтин чегинен төмөн болгон жарды үй-бүлөдө жашаган жаран;
2) аз камсыз болгон жаран - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн (анын ичинде кепилденген минимумдук кирешеден төмөн айлык киреше менен жалгыз жашаган жаран үчүн да) айлык кирешеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү кепилденген минимумдук кирешеден төмөн болгон аз камсыз үй-бүлөдө жашаган жаран;
3) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн айлык кирешеси кепилденген минимумдук кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;
4) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын жөлөкпул чектөө үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө;
5) үй-бүлөнүн жыйынды киреше - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (ар айлык негизде берилүүчү материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;
6) жыйынды киреше аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу жашаган, бирге чарба жүргүзүшкөн жана бюджети жалпы болгон адамдар;
7) киши башына карата орточо жыйынды киреше- бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө карата эсептелген жыйынды киреше.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149, 2024-жылдын 27-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Негизги иштеген жери, өтөгөн кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелери
3. Негизги иштеген жери, өтөгөн кызматы (аскер кызматчылары) жана окуусу боюнча жарандардын кирешелерине төмөнкүлөр кирет:
1) кызматкерлердин эмгек акысы, анын ичинде үстөк акысы, сыйлыктары, кызматты айкалыштырганы үчүн акысы, иш стажы үчүн, бийик тоолуу жана алыскы райондордо жана климаттык шарты оор жерлерде иштегени үчүн жана иш орду боюнча башка төлөмдөр үчүн коэффициенттери жана үстөк акысы;
2) акчалай камсыздоо, аскердик наамга жана иштеген жылдарга үстөк акы, ошондой эле аскер кызматчыларына жана аларга теңештирилген адамдарга натуралай камсыздоо же камсыздоонун ордуна төлөнүүчү суммалар;