Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2018-жылдын 27-июну № 303

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390,  2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартиби, 3-тиркемеге ылайык.

- Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде: