Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 17-сентябры № 426
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 426 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген, потенциалдуу коромжулуктарды жана зыяндарды жабуу үчүн кепилдик фонду тарабынан резервдерге жумшалган жылдык кирешелердин жыйынды суммасын эсептен чыгарууну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутунду чыгарат.
Ушул Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалыматка ылайык мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдиктерди берүү боюнча потенциалдуу коромжулуктарды жана; зыяндарды жабуу резервдерин түзүү жаатында кепилдик фонддоруна кош салык салуудан качуу максатында иштелип чыккан.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган толуктоо пайдага салык салына турган салык боюнча базанын азайышына алып келбейт, анткени 2017-жылы Кыргыз Республикасында бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир гана кепилдик фонду түзүлгөн, ал 519 млн. сом кепилдиктин бөлүп берилгенине карабай, пайда алып келген жок.
2. "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кепилдик фонддорунун резервдерин түзүү тартиби боюнча укуктук негиздер жана талаптар жок, ошол эле убакта кепилдик фонду "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандай, чакан жана орто бизнести колдоо максатында жеңилдетилген шартта мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен банктык кызматтарды көрсөтөт.