Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-сентябры № 445
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларында:
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү абактарынан бошотулуучу адамдардын суткалык үлүшүнүн № 1-1 нормасы менен толукталсын;
- № 4 норманын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тарбиялоо абактарында кармалган жашы жете элек балдардын, ошондой эле тергөө изоляторлорунда, түзөтүү абактарында жана түрмөлөрүндө кармалган I жана II топтогу майыптардын суткалык үлүшүнүн № 4 нормасы";
- № 4 норманын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул норма жашы жеткен жана тарбиялоо абактарында кармалган соттолгондорго карата колдонулат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруунун алкагында тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын чегинде ишке ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме