Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 455
«Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген «Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрду киргизуү жөнүндө
1-берене
«Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясынын 1-бөлүгүнүн:
а) экинчи абзацы «инвестициялык» деген сөздөн кийин «, брокердик» деген сез менен толукталсын;
б) төртүнчү абзацы «товарлар» деген сөздөн кийин «, анын ичинде технологиялар жана программалык камсыздоолор» деген сөздөр менен толукталсын;
в) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«экспорт жана импорт - контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына(н) ташып кирүү жана ташып чыгаруу. Экспортко маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен техникалык каражаттардын жардамында технологияларды Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгарып берүү да теңдештирилет;»;
г) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
реэкспорт - өлкөнүн чегинен сырткары өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирилген контролго алынуучу кайра иштетилбеген продукцияларды экспорттоо;
д) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«транзит - Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары ташыла баштаган (транспорттолгон) жана ошол аймакта жеткирилүүгө тийиш болгон контролго алынуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткерүү (Кыргыз Республикасынын аймагына конбогон аба кемелеринин эл аралык транзиттик учууларынан тышкары);»;
е) төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы - жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
«брокердик иш -контролго алынуучу продукцияларды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо, жеткирүү боюнча, ошондой эле финансылык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, контракттарды даярдоо же контролго алынуучу товарларды өткөрүп берүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү;