КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 19-ноябры № 535
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык мыйзамсыз жүгүртүү жоопкерчиликке алып келүүчү баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун өлчөмдөрү (№ 4 тиркеме);";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык мыйзамсыз жүгүртүү жоопкерчиликке алып келүүчү прекурсорлордун өлчөмдөрү (№ 7 тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык мыйзамсыз жүгүртүү жоопкерчиликке алып келүүчү баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрү (№ 8 тиркеме).";
2) 3-пунктундагы "Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 161-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 153-беренесинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;