Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 23-ноябры № 552
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
1-главасында:
- 36-пунктунда:
"Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасы "Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына" деген сөздөрдөн кийин ", Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр менен толукталсын;
"Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ" деген аббревиатурадан кийин ", Жаштар жана спорт агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 38-1, 41, 47-49, 51, 60-62-пункттарындагы "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ" деген аббревиатурадан кийин ", ТЖМ" деген аббревиатура менен толукталсын;
- 42 жана 43-пункттарындагы "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "СММ" деген аббревиатурадан кийин ", Жаштар жана спорт агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 64-пунктундагы "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ," деген аббревиатурадан кийин "УИА," деген аббревиатура менен толукталсын;
- 65-пунктундагы "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ," деген аббревиатурадан кийин "ТЖМ, УИА," деген аббревиатуралар менен толукталсын;