Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 22-ноябры № 550
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдарды баалоодо бирдиктүү ыкманы аныктоо максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул классификация өзгөчө кырдаалдарды алардын оордук даражасы боюнча баалоонун уюштуруу-укуктук ченемдерин аныктайт жана Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш процессинде келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.
2. Өзгөчө кырдаалдар төмөндөгү белгилери боюнча классификацияланат: