Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 20-декабры № 599
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик функцияларды ишке ашыруу боюнча жаңы, заманбап, натыйжалуу жана кесипкөй мамлекеттик мекеме түзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин укук улантуучусу экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 23-пунктундагы "1230" жана "1140" деген цифралар тиешелүү түрдө "1142" жана "1052" деген цифралар менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасында "Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти" позициясы "Унаа" мамлекеттик мекемеси" позициясы менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: