Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 18-июлу № 152
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө
(КР 2005-жылдын 9-апрелиндеги № 59, 2013-жылдын 11-октябрындагы № 190 , 2019-жылдын 15-майындагы № 61, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 80, 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана алардын багуусунда турган алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди, алардын ар-намысын жана аброюн коргоо формаларын жана ыкмаларын белгилейт жана мамлекет башчысынын ишмердигин камсыз кылууга багытталган.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттин башчысы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы болуп саналат.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Президенттик бийликтин символдору
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген жазуусу бар гербдүү тегерек мөөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн атайын бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин төшбелгиси жана штандарты болот.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-ноябрындагы ПЖ N 289 "Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жөнүндө" Жарлыгы
Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентине президенттик бийликтин символдорун тапшыруунун, аларды сактоонун, пайдалануунун жана өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги
Кыргыз Республикасынын Президенти, аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кол тийбестик укугуна ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестигине кол салуучу чараларды көрүүгө же аракеттерди жасоого укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти аны кызматтан четтеткенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынышы керек, ал Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет.
Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен ырасталган Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоонун жана айып коюунун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун корутундусунун негизинде Президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.
Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн коргоо
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин коргоосу астында болот. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысы жана аброю мыйзам менен корголот.
Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу жана моралдык зыяндын суммасын алдын ала макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын арнамысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү. Мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдуу өкүлү болуп таанылат, ал процесстик мыйзамдарда каралган доочунун, жоопкердин, жапа тартуучунун бардык укуктарынан, анын ичинде өз ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүү укугунан пайдаланат жана ишти сотто алып барууга анын ыйгарым укуктары атайын күбөлүктү (ишенимкатты) талап кылбайт.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы N 07-р чечими
II Глава Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик камсыз кылуу, тейлөө жана кайтаруу
5-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана тейлөөнүн түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана тейлөөнүн төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленет:
1) эмгек акы;
2) кызматтык туракжай;
3) атайын максаттагы транспорт;
4) атайын кайтаруу;
5) өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк максаттар үчүн чыгымдарга каражат бөлүү;
6) чет мамлекеттерге барууга байланышкан чыгымдарды жабууга каражат бөлүү;
7) Президентти жана анын үйбүлөсүн атайын медициналык, санаторийлик-курорттук жана тиричилик жагынан тейлөө;
8) мамлекеттик камсыздандыруу, анын үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп алганда;
9) мамлекеттик дача.
Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуу, тейлөө жана кайтаруу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ушул Мыйзамдын максаттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүнө жубайы жана жашы жетелек балдары кирет.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн камсыз кылуунун жана тейлөөнүн тартиби
Бул кызматка шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматта турган мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы резиденциялар, республиканын борборундагы кызматтык квартира (турак үй), мамлекеттик дача менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти атайын максаттагы автомобиль транспорту, атайын жабдылган самолеттор жана вертолеттор, ошондой эле атайын жабдылган дагы башка транспорт каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн күзөт, турак жай, транспорттук, медициналык, санаторийлик-курорттук жана ушул Мыйзамда каралган башка тейлөөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.
(Бөлүк КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Туракжайды, транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын күтүү, пайдалануу (ижаралоо) боюнча бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат.
(КР 2013-жылдын 11-октябрындагы № 190, 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Эмгек акы жана өкүлчүлүк чыгымдары
Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президентине өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк чыгымдарын жана чет мамлекеттерге баруу менен байланышкан чыгымдарын жабууга анын жогорку статусуна ылайык келүүчү көлөмдө каражаттар бөлүнөт.
8-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана денсоолугун камсыздандыруу
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана денсоолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат.
9-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин эс алууга болгон укугу
Кыргыз Республикасынын Президентине ал үчүн ыңгайлуу болгон учурда кырк беш күндүк мөөнөткө аржылдык акы төлөнүүчү өргүү берилет, аны ал бөлүп-бөлүп пайдаланууга укуктуу. Өргүүгө чыкканда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
10-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин кайтаруу
Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын үйбүлө мүчөлөрү алар туруктуу жашаган жана убактылуу болгон жерлеринде жеке күзөт менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти туруктуу жашаган, иштеген же убактылуу болгон жерлеринде кайтаруу жана башка атайын коргоо чаралары жүргүзүлөт, имараттарга, курулуштарга, курулмаларга жана ага жакын жайгашкан аймактарга атайын режим орнотулат.
II-1 глава Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы
(Глава КР 2013-жылдын 11-октябрындагы N 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-1-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын статусу
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик маанидеги режимдик мүнөздөгү объект болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте бекитилүүчү тизмекке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызмат адамдарынын убактылуу жашап туруусу үчүн арналган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлөт.
(КР 2013-жылдын 11-октябрындагы N 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
102-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын кыймылсыз мүлк объекттерине карата укуктар
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттен ажыратууга жана менчиктештирүүгө жатпайт.
Мындай бөлүп берүүлөр калктын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда менчикке берилген кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери аларды ээликтен ажыратууга же башкача түрдө аларды сатып алуу үчүн жактардын чектелбеген чөйрөсүнө сунуш кылууга, ошондой эле аларга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга жана аларды башка ыкмалар менен оордотууга укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан сатылуучу кыймылсыз мүлк объекттерин менчик ээлери менен макулдашылган баа боюнча сатып алуунун өзгөчө укугуна ээ.
(КР 2013-жылдын 11-октябрындагы № 190, 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)