Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 69, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – ИИМ) ведомстволук бөлүмү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
(Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызмат өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ИИМ буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын иши мыйзамдуулук, адамдын укуктары менен эркиндиктерин урматтоо, гуманизм, ачыктык жана айкындык, контролдо болуу жана отчеттуулук, жеке башчылык, баш ийүүчүлүк, кызматтык тартипти сактоо принциптерине негизделет.
4. Кызмат юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, штампы жана фирмалык бланктары бар.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы";
- расмий тилде: "Служба по борьбе с незаконным оборотом наркотиков Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
6. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 80, почталык индекси 720021.
7. Кызмат өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүнүштөрү, башка укук коргоо органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат.
2. Кызматтын милдеттери
8. Кызматка төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ички иштер органдарынын компетенциясына киргизилген, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, аларга бөгөт коюу, иликтөө жана бетин ачуу, ошондой эле аларды даярдаган, жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо жана табуу;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ички иштер органдарынын компетенциясына киргизилген, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алуу жана аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ички иштер органдарынын компетенциясына киргизилген, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулар тууралуу иштерди кароо;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, ошондой эле баңгиликтин алдын алуу маселеси боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жана таасири күчтүү заттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын функциялары
9. Кызмат төмөнкү функцияларды аткарат:
– Кыргыз Республикасынын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
– 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын тиешелүү бөлүмдөрүн, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттер аралык башка программаларды, эл аралык долбоорлорду аткарат;
– кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, баңги камтыган жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн улуттук тизмелерин (тизмектерин), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн алардын мааниге ээ болгон өлчөмдөрүн иштеп чыгууга катышат;
– Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетке баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга эл аралык квоталарды алуу үчүн маалыматтарды, ошондой эле Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитети тарабынан белгиленген формалар боюнча статистикалык отчетторду берет;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, сатып алууга, пайдаланууга, соода жүргүзүүгө жана бөлүштүрүүгө лицензияларды, ошондой эле ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзиттөөгө уруксат берүүчү документтерди берет;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана белгиленген тартипте баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү эл аралык долбоорлорду ишке ашырат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө программалык документтерди иштеп чыгууга катышат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндө укукка каршы жосундардын алдын алуу боюнча профилактикалык ишти уюштурат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө ИИМдин комплекстүү программаларын жана пландарын, буйруктарын жана нускамаларын аткарат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алат жана аныктайт;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
– Кыргыз Республикасынын ыкчам-иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзөт;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
– белгиленген тартипте маалымат системаларын түзөт жана пайдаланат, ошондой эле ыкчам эсепке алуу иштерин жүргүзөт;
– ыкчам, архивдик жана башка материалдарды убактылуу сактоону жана пайдаланууну уюштурат;
– белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
– Кызматтын ишинин натыйжалары жөнүндө статистикалык маалыматтарды түзөт;
– Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
– ички иштер органдарынын компетенциясына кирген баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштери боюнча криминалисттик коштоону, тергөөгө чейинки текшерүүнү жана тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашырат.