Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 743 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 31-декабры № 653

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дарак породалардын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларында:

- эскертүүсүндө:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жыгачты берүүдө чоңдугуна жана тилинчү материалдын чыгышына жараша таксаларга төмөнкүдөй коэффициенттер колдонулат:

- ири - тилинчү материал 80-85% чыкканда 2,0 коэффициент;

- орто - тилинчү материал 65-70% чыкканда 1,5 коэффициент;

- майда - тилинчү материал 45-55% чыкканда 1,2 коэффициент.

Бул пункт дарактардын өзгөчө баалуу породаларына колдонулбайт.";

төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын: