Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 25-декабры № 618
2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 "2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
4-главасында:
- 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоонун механизмдерин аныктоо жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоо боюнча маселелерди чечүү максатында төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылууга тийиш:
1) ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоого укук берген келишимге кол коюу үчүн ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий иштеп чыккандар менен байланыш түзүү;";
2) мамлекеттик тилге ЧОИ үчүн ФОЭСти которуу боюнча жана иштеп чыккандар белгилеген жол-жоболорду жүргүзүүгө расмий уруксат алуу;
3) ЧОИ үчүн ФОЭСти мамлекеттик тилге которуу жана аларды расмий жарыялоо.";
- 4.2-пунктунда:
2-пунктчасындагы "аудитордун көз каранды эместигине шек туулган учурларда гана" деген сөздөр алып салынсын;