Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 617
( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 582 "Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде психоактивдүү заттарга көз каранды (алкоголго, наркотик жана психотроптук заттарга психологиялык, физиологиялык көз каранды) болгон соттолгондорду төмөнкүдөй дарылашат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы борбордук оорукананын наркологиялык бөлүмүндө (мындан ары - наркологиялык бөлүм):
- мажбурлоо менен - соттун чечими менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар үчүн;
- өз ыктыяры менен - түзөтүү мекемелеринин ооруканаларынын жана медициналык-санитардык бөлүктөрүнүн начальниктеринин же шприц алмаштыруучу пункттардын кызматкерлеринин жолдомолорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) чечимдери менен бекитилген көрсөтмөлөр боюнча, наркологиялык бөлүмдүн дарыгеринин консультациясынан кийин;
2) ЖАМКнын мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда, медициналык-санитардык бөлүктөрүндө, алмаштыруучу опиоиддик терапия пункттарында - өз ыктыяры боюнча төмөнкү критерийлерди эске алуу менен: кайрылган адам психоактивдүү заттарга көз каранды болсо, терапиялык процесске тоскоол болуучу психикалык ооруларынын жоктугу.";
- 3, 8-10, 12 жана 17-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "наркологиялык борбор" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "наркологиялык бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "наркологиялык борбордун реабилитация бөлүмүндө" деген сөздөр "наркология бөлүмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Наркологиялык бөлүмдө дарыланып жаткан, жаза өтөө режимин бузган соттолгондорго карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.";