Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 31-декабры № 664

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функциялардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана аларды аткаруу, ошондой эле Европа бирлигинин өлкөлөрүнө продукцияны экспорттоону өстүрүү үчүн ВСП+ системасынын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жободо:

- 4-пунктунун 11-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- катталган экспорттоочулардын системасын (REX) администрациялайт, ошондой эле ушул системанын маалымат базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттайт;

- өзүнүн демилгеси менен же импорттоочу тараптын компетенттүү органдардын суроо-талабы боюнча келип чыгуу жөнүндө декларацияда/арызда көрсөтүлгөн товарларды келип чыгуу шайкештигине верификациялайт, анын ичинде жеринде текшерүүлөрдү жүргүзөт;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев