Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 28-январы № 24

Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 ,  2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Квалификациялуу инвесторлор жана квалификациялуу инвесторлордун гана сатып алышы үчүн арналган баалуу кагаздар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкерлерин квалификацияларын милдеттүү жогорулатуудан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнүн жана макулдукту чакыртып алуунун тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 250 "Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 251 "Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун үчүнчү абзацы "ишенимдүү башкаруу боюнча келишим түзүлгөндө" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо башкаруу мөөнөтүнүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктунда:

алтынчы абзацы "башкаруучу компанияга берилген" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде талап коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча берилген" деген сөздөр менен толукталсын;