Сравнение редакций…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) АЖО - операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү автоматтык режимде түзүүгө жана финансылык чалгындоо органына жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген программалык камсыздоо;
2) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
3) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) типтүү формалар - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар толтурууга арналган атайын типтүү формалар;
5) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
6) жеке кабинет - маалыматтык ресурс, ал финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат, пайдалануучулардын финансылык чалгындоо органы менен электрондук жана маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби
3. Финансылык чалгындоо органы өз функцияларын аткаруунун алкагында мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сотторго, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга (мындан ары - суралуучу тарап) суралуучу тарапта бар болгон керектүү маалыматтарды жана документтерди же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет.
4. Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптары электрондук же кагаз түрүндө жиберилиши мүмкүн (мындан ары - электрондук суроо-талап же кагаз жүзүндөгү суроо-талап).
5. Финансылык чалгындоо органынын электрондук суроо-талаптары байланыштын электрондук каналдары боюнча жиберилет жана финансылык чалгындоо органынын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлат.
Электрондук суроо-талаптын формасы жана электрондук суроо-талапты жиберүүгө укуктуу финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
Электрондук суроо-талаптарга болгон суралуучу тараптын жооптору электрондук түрдө түзүлөт жана электрондук кол коюлат, ошондой эле байланыштын электрондук каналдары боюнча финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Электрондук форматта маалымат алмашуу финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Кагаз жүзүндөгү финансылык чалгындоо органынын суроо-талаптары расмий бланктарда таризделет жана финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлат.
Суралуучу тараптын жооптору иш кагаздарын жүргүзүү жана кызматтык пайдалануу үчүн документтер менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен таризделет.
7. Суралуучу тараптын жоопторунда милдеттүү түрдө финансылык чалгындоо органынын кагаз жүзүндөгү суроо-талаптарынын чыгыш номерлери жана даталары көрсөтүлөт, ошондой эле суралуучу тараптын аткаруучуларынын фамилиялары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
8. Суралуучу тарап суралган маалыматтарды же документтерди финансылык чалгындоо органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабында белгиленген мөөнөттөрдө финансылык чалгындоо органына берет.
Зарыл учурда жана суралган маалыматтардын жана документтердин көлөмүн, мүнөзүн жана мазмунун эске алып, ошондой эле суралуучу тараптын негизделген жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде финансылык чалгындоо органы суроо-талаптарга болгон жоопторду берүү мөөнөтүн 10 жумуш күнгө чейин узарта алат.
Суралуучу тарап толук жана анык маалыматты берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)