Сравнение редакций…
|
| |
|
| 11-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы талаптар
1. Ушул Жобо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛК) боюнча ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптарды белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) кадрлар - финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматчылары;
2) кардар - финансылык мекеменин же аныкталган категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекемелер же аныкталган категориядагы жактар менен ишкер мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тийиштүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) ички контролдоо программасы - ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
7) тобокелдик - террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
8) ички контроль кызматы - ТИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
9) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган, ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырган топ;
10) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Ички контролдоо программасы
4. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу үчүн ички контролдоо программасын колдонушат:
1) тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторингдөө, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
2) кардарларды талаптагыдай текшерүү чараларын жүзөгө ашыруу;
3) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
5) финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында берүү;
6) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтарды сактоону камсыздоо;
7) маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо;
8) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууну камсыздоо.
Жогоруда аталган милдеттер ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылат.
5. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдикке багытталган ыкмага негизделген чараларды көрүүгө милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продуктылар, кызматтар, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өздөрүнүн тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документтештирүүгө жана дайыма жаңыртууга милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:
- тобокелдиктин жогорку деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча кеңейтилген чараларды көрөт;
- тобокелдиктин төмөнкү деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды көрөт.
Террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу боюнча шектенүүлөр болгондо тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жаңы финансылык продуктуларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп келе жаткан технологияларды пайдалануу менен иштеп жаткан же жаңы финансылык продуктулар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Бул баалоо жогоруда көрсөтүлгөн продуктыларды, кызматтарды, технологияларды жана ишкердик практиканы киргизүүгө же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички контролдоо программасы ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш, ошондой эле финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин, штаттык санынын, кардарлар базасынын жана тобокелдиктеринин деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ТИК/ККЛК чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жана башка башка ички укуктук актыларды колдонууга мониторинг жүргүзүүгө жана зарыл болгон учурда аларды кеңейтүүгө милдеттүү.
Агенттерди пайдаланган төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык ички контролдук программаларын колдонууну камсыз кылышат жана алардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар уюштуруу-укук формасына жараша төмөнкүдөй контролдун түзүмүн жана алардын функцияларын белгилейт:
1) жогорку башкаруу органы же башка ыйгарым укуктуу башкаруу органы:
а) ТИК/ККЛК чөйрөсүндө адекваттуу жана натыйжалуу саясатты аныктайт;
б) ички контролдоо программасын жана ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү башка ички укуктук актыларды бекитет, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдойт;
в) ички контроль кызматынын натыйжалуу ишин камсыздоо боюнча чараларды аныктайт;
г) ички контроль кызматынын кызматчыларын кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга өз макулдугун берет;
д) көз карандысыз аудиттин корутундусун жана ички контроль кызматынын отчетторун карап чыгат;
е) көз карандысыз аудит тарабынан айкындалган жана ички контроль кызматынын отчетунда аталган ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кемчиликтерди жоюуга багытталган чараларды аныктайт;
2) учурдагы ишке жетекчилик кылган аткаруучу орган:
а) жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү саясатты, программаларды жана башка ички укуктук актыларды жайылтууну камсыздайт;
б) ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыздайт жана контролдойт;
в) башкаруунун жогорку органынын макулдугу менен ички контроль кызматынын кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
г) ТИК/ККЛК тармагында өз кызматчыларын окутууну камсыздайт;
д) ички чаралардагы, жол-жоболордогу жана ички контроль системасындагы кемчиликтерди жоюуга багытталган чараларды ишке ашырууну камсыздайт, ошондой эле көз карандысыз аудитти жүргүзүүнү камсыздайт.
8. Финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда бир адам иштеген учурда, ал адам ушул Жобонун 7-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган функцияларды аткарат.
3-глава. Ишке кабыл алууда (жалдоодо) кызматчыларды текшерүү тартиби
9. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кызматчыларды ишке кабыл алууда (жалдоодо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 64-беренесине ылайык ишке орношуп жаткан адамдын (талапкердин) документтерин талап кылат жана текшерет.
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ички иштер органдарынан соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты суроо жолу менен соттуулугунун бар же жоктугуна, ошондой эле Интерполдун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын, улуттук коопсуздук органынын жана финансылык чалгындоо органынын расмий сайттарын колдонуу менен издөөдөгү адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелеринде, террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектеринде бар же жоктугуна текшерүү жүргүзүүнү камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)