Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 2003-жылдын 24-августу № 199

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин айрым статьяларынын мамлекеттик тилдеги текстин расмий тилдеги тиешелүү статьялардын тексттерине ылайык келтирүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) мамлекеттик тилдеги текстине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 9-статьянын аталышы "жиктөө" деген сөздөн кийин (классификациялоо)" деген сөз менен толукталсын.

2. 10, 11, 12, 13-статьялардагы "таандык" деген сөздөн кийин "кылынат" деген сөз алып салынсын.

3. 17-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"17-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жалпы шарттары

Кылмыш-жаза жоопкерчилигине ушул Кодексте белгиленген жашка жеткен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган адам гана тартылат.".

4. 22-статьядагы "күнөөлү" деген сөз "күнөөлүү" деген сөз менен алмаштырылсын.

5. 30-статьянын аталышындагы "түшүнүгү" деген сөз алып салынсын.

6. 42-статьянын биринчи бөлүгүнүн 5-пунктундагы жана 46-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "дисциплинардык" деген сөз "тартиптик" деген сөз менен алмаштырылсын.

7. 47-статьянын аталышындагы жана текстиндеги "Дисциплинардык" жана "дисциплинардык" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Тартиптик" жана "тартиптик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. 82-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "жете элек" деген сөздөр "жетпеген" деген сөз менен алмаштырылсын.

9. 117-статьяда:

биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "бирөөнө" деген сөз "адамга" деген сөз менен алмаштырылсын;

үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын.

10. 118-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын.

11. 123-статьяда:

экинчи бөлүгүнүн 5-пунктундагы "балага" деген сөз "жашы жетпегендерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

эскертүү "Эгерде" деген сөздөн кийин "уурдаган" деген сөз менен толукталсын.

12. 130-статьянын экинчи бөлүгүнүн 6-пунктундагы "жете элек бала (жашы жете элек кыз) экендиги" деген сөздөр "жетпегендиги" деген сөз менен алмаштырылсын.

13. 156-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек бала" деген сөздөр "жетпеген" деген сөз менен алмаштырылсын.

14. 158-статьянын аталышындагы жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Баланы" деген сөз "Бөбөктү" деген сөз менен алмаштырылсын.

15. 159-статьяда:

биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын;

үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жете элек баланын" деген сөздөр "жетпегендин" деген сөз менен алмаштырылсын.

16. 161-статьянын биринчи абзацындагы "жете элек балага" деген сөздөр "жетпегенге" деген сөз менен алмаштырылсын.

17. 325-статьянын аталышындагы "Көрсөтүүлөрдү" жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Көрсөтмөлөрдү" жана "көрсөтмөлөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

18. 330-статьяда:

статьянын аталышындагы жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "көрсөтүүлөрдү" деген сөз "көрсөтмөлөрдү" деген сөз менен алмаштырылсын;

эскертүүдөгү "көрсөтүүлөрдүн" деген сөз "көрсөтмөлөрдүн" деген сөз менен алмаштырылсын.

19. 331-статьядагы "көрсөтүүлөрдү" жана "көрсөтүүлөрүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "көрсөтмөлөрдү" жана "көрсөтмөлөрүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

20. 332-статьянын аталышындагы, биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы жана экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "көрсөтүүлөрдү" деген сөз "көрсөтмөлөрдү" деген сөз менен алмаштырылсын.

2-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2003-жылдын 24-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган