Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ
2003-жылдын 30-августу № 201
(КР 2004-жылдын 26-июлундагы № 96, 2005-жылдын 25-февралындагы № 38, 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2008-жылдын 12-июнундагы № 117, 2009-жылдын 17-июлундагы № 223, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2011-жылдын 4-майындагы № 20, 2011-жылдын 26-июлундагы № 147, 2012-жылдын 15-мартындагы № 14, 2012-жылдын 17-майындагы № 54, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2014-жылдын 16-январындагы № 12 2014-жылдын 30-июнундагы № 100, 2015-жылдын 14-июлундагы № 161, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 179, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 5-июнундагы № 60, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 190, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык никеге туруунун, никени токтотуунун жана аны жараксыз деп табуунун шарттары менен тартибин белгилейт, үйбүлө мүчөлөрүнүн: жубайлардын, ата-энелер менен балдардын (асырап алуучулардын жана асырап алынгандардын) ортосунда, ал эми үйбүлө мыйзамдарында каралган учурларда жана чектеринде башка туугандар менен бөлөк адамдардын ортосундагы жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салат.
(КР 2014-жылдын 16-январындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава Үйбүлө мыйзамдары
1-статья. Үй-бүлө мыйзамдарынын негизги милдеттери
1. Үй-бүлө - коомдун негизи.
Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык - бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү.
Мамлекет жарандарды үй-бүлөлүк турмушка, жубайлыкка, аталыкка жана энеликке даярдоону камсыз кылат.
Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.
Үй-бүлө мыйзамдары үй-бүлөнү чыңдоо, үй-бүлө мамилелерин өз ара сыйлашуу, өз ара жардамдашуу сезимдеринде куруу жана үй-бүлөнүн алдындагы анын бардык мүчөлөрүнүн жооптуулугунун, кимдир-бирөөнүн үй-бүлөнүн ишине оюна келгендей кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруусун камсыз кылуунун, бул укуктарда сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүгүнүн үй-бүлө мамилелериндеги гендердик теңдиктин зарылдыгынан улам келип чыгат.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике таанылат.
Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырым-жырымдар укуктук мааниге ээ эмес.
3. Үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу баш кошуусунун, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теӊдигинин негизинде, үй-бүлөнүн ички маселелерин өз ара макулдашып чечишине, баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылууга, балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого артыкчылык берүүгө, алардын бейпилдигине жана өсүп-жетилишине камкордук кылууга, үй-бүлөнүн жашы жетпеген жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Никеге турганда жана үй-бүлө мамилелеринде социалдык, расалык, этностук, тилдик белгилери же дин тутуусу, ден соолугун чектөөлөрү боюнча жарандардын укуктарын чектөөнүн кандай гана түрүнө болбосун тыюу салынат.
Үй-бүлөдөгү жарандардын укуктарына мыйзамдын негизинде гана жана калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында зарыл болгон деңгээлде гана чектөө коюлушу мүмкүн.