Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 25-февралы № 93
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффиценттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффиценттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибинде:
- 2-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- инвестициялык портфель - белгилүү датага карата ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынан банктар тарабынан берилген ипотекалык кредиттер боюнча карыздардын калдыгынын жыйындысы;";
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- эсептешүү мезгили - эсептешүү операциялары жүргүзүлгөн мөөнөткө барабар болгон убакыт аралыгы (12 айдан ашпаган);";