Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 токтомуна) |
Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун ЭРЕЖЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежеси (мындан ары - Эреже) адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап туруусу үчүн башпаанектин ишин уюштуруу тартибин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
3. Ушул Эрежеде пайдаланылуучу түшүнүктөр:
адамдарды сатуу - анын макулдугу менен же макулдугусуз коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, бийликти же абалдын алсыздыгын кыянаттык менен пайдалануу жолу менен, же болбосо эксплуатациялоо максатында аны контролдоочу адамдын макулдугун алуу үчүн төлөм же пайда сунуштоо жолу менен азгырма жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, кабыл алуу же адамды өткөрүп берүү;
башпаанек - адамдарды сатууга каршы күрөшүү иштерин жүзөгө ашыруучу, адамдарды сатуунун курмандыктарынын жашап туруусуна жана жеке гигиенасына цивилизациялуу шарттарды түзүп берүү, башпаанекте жашап турган адамдарга тамак-аш жана дары-дармек каражаттарын берүү, кечиктирилгис медициналык, психиатриялык, социалдык, юридикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү, алардын коопсуздугун коргоо, ошондой эле туугандары жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында мамлекеттик, муниципалдык орган жана коомдук бирикме тарабынан түзүлгөн жана адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап турууларына арналган атайын мекеме;
адамдарды сатуунун курмандыктары - азгырма жалдоого, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен же өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы катары түшүнгөн адам;
адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык реабилитациялоо - адамдарды сатуунун курмандыктарын нормалдуу жашоо образына кайтаруу максатында жүргүзүлгөн жана укуктук, психологиялык, медициналык, кесиптик реабилитациялоого, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө жана турак жай берүүгө багытталган чаралардын комплекси;
адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар;
адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоого алууну камтыган иш-чаралар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Башпаанекти түзүү
4. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап туруусу үчүн башпаанек (мындан ары - Башпаанек) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана коомдук бирикмелердин сунуштары боюнча түзүлөт. Алар башпаанектин уюштуруучулары болот.
5. Башпаанек адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүү максаттарына ылайык келген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана күндөлүк бюджеттик, атайын, алыш-бериш жана башка эсептерге ээ.
6. Башпаанек Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Эреженин жана башпаанектин уюштуруучусу бекиткен Башпаанек жөнүндө жобонун негизинде иш жүргүзөт.
7. Адамдарды сатуунун курмандыктарына (мындан ары - курмандык) аларга адамдарды сатуунун курмандыктары статусу ыйгарылган учурда аныкталган жеке керектөөлөрүн эске алуу менен жардам берилет.
3. Башпаанектин иш тартиби
8. Башпаанектин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- курмандыктарга жеткиликтүү, өз убагында жана натыйжалуу жардам берүүнү камсыз кылуу;
- ушул Эреженин 4-тиркемесине ылайык формада, курмандык менен иштөөнүн жеке планына ылайык курмандыктарды коргоо жана аларга жардам берүү;
- курмандыктарды социалдык реабилитациялоо процессине көмөктөшүү;
- башпаанекке келүү жана жашоо мезгилиндеги коопсуздук чараларын камсыздоо;