Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 15-апрели № 161
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салыктык милдеттенмелердин аткарылышын башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-июлунан тартып 2020-жылдын 1-апрелине чейин кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр үчүн эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө ыктыярдуу тартипте колдонуу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн убактылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) эсеп-фактураларды тариздөөнүн жана колдонуунун убактылуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
3) товарлар боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын формасы, 3-тиркемеге ылайык;
4) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 4-тиркемеге ылайык;
5) товарлар боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 5-тиркемеге ылайык;
6) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр боюнча кагаз жүзүндөгү эсеп-фактуранын формасы, 6-тиркемеге ылайык;
7) эсеп-фактуралардын колдонулбаган серияларынын жана номерлеринин калдыктары жөнүндө кабарлоонун формасы, 7-тиркемеге ылайык.