КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 3
«Жайыт комитети жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын
кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Капаровко милдеттендирилсин:
- жайыт комитетинин балансасында турган погрузчиктин иштөөсүн 15-майдан баштап учетко алуу;
- погрузчиктин иштеген акысына чек кыркып берүү;
- погрузчиктен түшкөн акчаны кирешеге киргизүү;
- жайыт комитетиндеги аткарылган иштердин кириш, чыгыш журналын ачуу;
- жайыт акысын, жайыт пайдалануучулар төккөндүгү боюнча чек кыркып берүү;
- жайыттын жолун погрузчик менен сүздүрүп түздөп, оӊдотуу;
- 6 айлыктын жыйынтыгы менен чабандардын домиктери боюнча отчет берүү;
- Жайытка райондон жана башка райондон келген малдын саны боюнча 6 айлыктын жыйынтыгы менен отчет берүү;
- Корукчуларга 20 000 (Жыйырма миӊ) сом корук акысын төлөп берүү;
2. Жайыт комитетинин балансасындагы погрузчик бузулса, погрузчиктин тетиктерин алууга кеткен акча каражатты погрузчиктин шоферу Н.Сатаровдун жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Капаровдун айлык акысынын эсебинен оӊдотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асыйбеков |