Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 6-майы № 211
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9 жана 118-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
1) 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Аймактык бөлүм жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшү (мындан ары - түзүмдүк бөлүнүш) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткарууну эсепке алуу максатында автоматташтырылган системада төмөнкү КЭКтерди жүргүзүүгө тийиш, алардын маалыматтарынын негизинде Башкы китеп түзүлөт:
- "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК;
- "Республикалык (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (республикалык)" КЭК;
- "Жергиликтүү (бөлүштүрүлгөн)" КЭК;
- "Активдер жана милдеттенмелер менен операциялар (жергиликтүү)" КЭК;
- "ММКФ негизги эсеби" КЭК;