КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 13-майы № 221
Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356, 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо механизмин өркүндөтүү жана мамлекеттик финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигиндеги коомдук саламаттык сактоонун ведомстволук уюмдарын каржылоонун киши башына карата ченеми (мындан ары - киши башына карата ченем), 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун ченемдери (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо ченемдери), 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоодогу ведомстволук уюмдарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн чыгашалары "саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгашалар" беренеси боюнча каржылана тургандыгы;
- 2019-2021-жылдар мезгили Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн бюджеттик камсыздалышын жабуунун бирдиктүү ченемин киргизүүгө чейин өткөөл этап болуп эсептеле тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Чаткал, Токтогул, Чоң-Алай, Жумгал жана Панфилов райондорунда, Кара-Көл, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларында жайгашкан аймактык бөлүмдөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун Ат-Башы кара тумоого каршы бөлүмүнө алардын чыгашаларын жабуу үчүн бюджеттен тышкары дотациялар каржылоо тартыштыгынан төмөнкүдөй белгиленсин: 2019-жылы - 80 пайызга чейин, 2020-жылы - 70 пайызга чейин, 2021-жылы - 50 пайызга чейин;
- бул токтомдун күчү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин СПИД менен күрөшүүнүн жана алдын алуунун республикалык борборуна, СПИД менен күрөшүүнүн жана алдын алуунун облустук борборлоруна, "СПИД менен күрөшүүнүн жана алдын алуунун шаардык борбору" мекемесине, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборуна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине жайылтылбагандыгы;