Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 7-марты № 17

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 305-2-статья менен толукталсын:

"305-2-статья. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу

Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерди кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга менчикке же убактылуу пайдаланууга берүүсү, -

эң аз айлык акынын элүүдөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Ушул статьяда кызмат адамы деп жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча тийиштүү ыйгарым укук берилген органдардын кызмат адамы таанылат.".

2-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2004-жылдын 29-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган