Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 3-июну № 266
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Артыков, Н.Т.Каримов, Т.У.Жоробеков, К.Б.Орозова, К.Ж.Жолдошбаев, С.К.Нышанов, М.Г.Мадеминов, А.Э.Самигуллина, И.Ю.Карамушкина, А.А.Арапбаев, Б.К.Райымкулов, А.Л.Юсуров, Б.Ж.Субанбеков, Э.С.Тагаев, З.Э.Шарапов, И.А.Пирматов, Т.А.Масабиров, С.М.Джураев, У.Б.Примов, А.Ж.Исмаилова, И.А.Маннанов, А.М.Эргешов, Е.Г.Строкова, Р.М.Туманбаева, А.Ш.Осмонова, А.И.Кулбараков, Б.И.Сулейманов, А.Ш.Жээнбеков, А.К.Дюшалиев, Р.Ч.Момбеков, А.Т.Мамашова, А.М.Нурбаев, А.А.Турсунбаев, Жунус уулу Адыл, М.А.Айнакулов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 266 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Артыков, Н.Т.Каримов, Т.У.Жоробеков, К.Б.Орозова, К.Ж.Жолдошбаев, С.К.Нышанов, М.Г.Мадеминов, А.Э.Самигуллина, И.Ю.Карамушкина, А.А.Арапбаев, Б.К.Райымкулов, А.Л.Юсуров, Б.Ж.Субанбеков, Э.С.Тагаев, З.Э.Шарапов, И.А.Пирматов, Т.А.Масабиров, С.М.Джураев, У.Б.Примов, А.Ж.Исмаилова, И.А.Маннанов, А.М.Эргешов, Е.Г.Строкова, Р.М.Туманбаева, А.Ш.Осмонова, А.И.Кулбараков, Б.И.Сулейманов, А.Ш.Жээнбеков, А.К.Дюшалиев, Р.Ч.Момбеков, А.Т.Мамашова, А.М.Нурбаев, А.А.Турсунбаев, Жунус уулу Адыл, М.А.Айнакулов тарабынан демилгеленген, пенсиялык куракка жеткен жеке адамдарды 1-топтогу мүлккө салыкты төлөөдөн бошотууну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык Мыйзамдын долбоору социалдык адилеттүүлүктү белгилөө, ишкердикти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган кыймылсыз мүлккө салыкты төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү жолу менен пенсиялык куракка жеткен адамдардын татыктуу жашоо деңгээлине жетишүү максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган толуктоо берилүүчү салыктык жеңилдиктердин тизмесин кеңейтет жана бюджеттин белгилүү бир жоготууларына алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан салык салынуучу субъекттерге карата бирдиктүү мамилени карайт жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык салык салуунун милдеттүүлүгү, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгы, салык салуунун акыйкаттуулугу, салык салуунун аныкталгандыгы принциптерине негизделет.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 45-беренесинде каралган бюджеттер аралык мамилелердин негизги принциптеринин бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кирешелериндеги же кошумча чыгашаларындагы жоготуулардын ордун толтуруу болуп саналат.