Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 токтомуна) |
Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281, 2020-жылдын 24-августундагы № 433, 2021-жылдын 11-январындагы № 2, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөөнүн бирдей тартибин, шарттарын жана мөөнөттөрүн "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныктайт.
2. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөө жөнүндө чечим калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү) тарабынан жумушсуз жаран жашаган жери же же болбосо турган жери боюнча, аны расмий жумушсуз деп таануу жөнүндө чечим менен бирге кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жумушсуз жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпулду эсептөөнүн жана төлөөнүн милдеттүү шарты болуп ыңгайлуу иш издөө максатында жашаган жери же болбосо турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүндө катталганы эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөөнүн шарттары жана тартиби
4. Расмий жумушсуз деп белгиленген тартипте таанылган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде 12 айдан кем эмес суммардык камсыздандыруу стажы бар жарандар жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул расмий жумушсузга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү ырастаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө маалыматтарга ылайык чектелет жана төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Биринчи жолу жумуш издеп жүргөн, ошондой эле узак (эки жылдан ашык) тыныгуудан кийин эмгектенүүсүн кайрадан улантууну каалаган жарандарды кошпогондо, жумушсуздук боюнча жөлөкпул жаранга аны расмий жумушсуз катары каттаган датадан тартып 11-күндөн баштап чектелет.
Расмий жумушсузга жумушсуздук боюнча жөлөкпул аны расмий жумушсуз деп тааныган биринчи күндөн тартып эсептеп берилет.
7. Уюмдун жоюлушуна, уюмдун кызматкерлеринин санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу жумуштан бошогон, же белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, бирок жумушка орношо элек мезгилдин ичинде акыркы иштеген жериндеги орточо эмгек акысы (бошонуу жөлөкпулун эсепке алуу менен) сакталган жарандарга жумушсуздук боюнча жөлөкпул белгиленген мезгил аяктагандан кийин биринчи күндөн тартып эсептелет.
8. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Расмий жумушсузга жөлөкпул төлөө жана жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды (декларация) алуу үчүн калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген каттоо формасы толтурулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Расмий жумушсуз жумушка орношуу үчүн активдүү аракеттенүүгө жана ай сайын ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө жумуш издегендиги тууралуу маалыматты (декларацияны) берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында жумушсуздук боюнча дайындалган жөлөкпул өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин жумуш издөө жөнүндө маалым каттарды талап кылбастан ай сайын төлөнөт.
Расмий жумушсуздарга жумушсуздук боюнча жөлөкпулду чектөө ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук маалымат алмашуу жолу менен маалыматтарды текшерүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жумушсуз жаранга маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу 5 жумуш күндүн ичинде жумушсуздук боюнча жөлөкпулду которгондугу тууралуу билдирүү жиберет.