Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 токтомуна) |
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн кызмат адамдарын жана калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуунун негизги милдеттерин, багыттарын, формаларын, ыкмаларын жана тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын (мындан ары - уюмдар) менчигинин түрүнө карабай тиешелүү функцияларын, анын ичинде Жарандык коргоону жаатындагы окуп жаткандардын категориясын, окутуу көлөмүн, жерин, мезгилин аныктайт.
Окутуу күндүзгү жана сырттан (аралыктан) окутуу формаларында уюштурулат. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда окутуу жумуш убагында жүргүзүлөт. Калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формаларда жүргүзүлөт. Окуу милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) тарабынан жарандардын иштеген, окуган жана жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
Калктын көп ар кандай топторун камтуу максатында окутуу Борбордун окутуучуларынын калктуу конуштарга жана уюмдарга барып келиши менен окутулуучу адамдарды чогултуу методу аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Уюмдардын жетекчилеринин, Жарандык коргонуу тармагындагы кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсунун, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу жаатында иш милдетин аткарууга байланыштуу кызматтарга жаңыдан дайындалган адамдар үчүн иштин биринчи жылында Жарандык коргонуу жаатында окуудан өтүү милдеттүү болуп саналат.
Калкты Жарандык коргонуу жаатында окутуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген программалар боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн, уюмдарын жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдан келип чыгуучу коркунучтардан сактануу ыкмаларын билүү, кабарлоо сигналдары боюнча аракеттердин тартибине, биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларына, жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу эрежелерине үйрөтүү;
б) Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн көндүмдөрүн өркүндөтүү;
в) авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу үчүн ыкмаларды жана көндүмдөрдү иштеп чыгуу;
г) штаттан тышкаркы авариялык-куткаруу түзүмдөрдүн жана куткаруу кызматтарынын өздүк курамдарынын (мындан ары - түзүмдөр жана кызматтар) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо боюнча аракеттердин ыкмаларын жана жолдорун билүүсү;
д) адамдарды суу объектилериндеги коопсуздук эрежелерине үйрөтүү.
3. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызмат адамдары окууну ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемесине ылайык Борбордон өтүшөт.
4. Окутуу төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт:
а) тынчтык жана согуш убагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу;