Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 27-июну № 317
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.У.Сыдыков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 317 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.У.Сыдыков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык "долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү, анын ичинде ата мекендик авиаташуучуларга өздөрүнүн аба кемелеринин паркын модернизациялоо мүмкүндүгүн берүү болуп саналат".
Ушуга байланыштуу демилгеленген мыйзам долбоорунда ата мекендик авиаташуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бир катар салыктык артыкчылыктарды берүү каралат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөр 176,5 млн. сом суммасында алынбай калган киреше түрүндө бюджеттин жоголушуна алып келери белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен аба ташууларын ишке ашыруучу аба кемелерине май куюу үчүн реактивдүү отун берүүлөрдү КНСтен бошотуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 45-беренесинин 5-пунктуна ылайык бюджеттер аралык мамилелердин принциптеринин бири болуп кирешелердеги жоготуулардын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан бюджеттердин кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу болуп эсептелерин белгилейбиз.