Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 23-марты № 46

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

294-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

319-статьянын экинчи абзацындагы "же болбосо өлүм жазасына тартылат" деген сөздөр алып салсынсын;

340-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

2-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2004-жылдын 26-мартында "Эркинтоо" гезитинин N 24 санында жарыяланган.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2004-жылдын 20-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган