Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 333
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300, 2022-жылдын 25-мартындагы № 160, 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин штаттык саны техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды эске албаганда 15 штаттык бирдик санында белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинен тиешелүү каржылоосу жана техникалык камсыздоосу менен 4 штаттык бирдик өткөрүп берилсин.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган болуп аныкталсын.".