Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2004-жылдын 22-майы № 67

Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2011-жылдын 14-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2019-жылдын 18-июлундагы № 90, 2021-жылдын 23-мартындагы № 39, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 , 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам төмөндөгү чөйрөлөрдөгү укуктук негиздерди белгилейт:

продукцияга, анын ичинде имараттарга жана курулмаларга (мындан ары - продукция) жана/же продукцияга карата талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү талаптарын иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу;

продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн талаптарын ыктыярдуу негизде иштеп чыгуулар, кабыл алуулар жана аткаруулар;

шайкештикти баалоолор;

ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге катышуучулардын жоопкерчиликтери.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу эмгекти коргоо жаатындагы социалдык-экономикалык, уюштуруу, санитардык-гигиеналык, дарылоо-алдын алуу, эмгекти коргоо жаатындагы реабилитациялык чараларга; адамдын жана жаныбарлардын жалпы жугуштуу ооруларын болтурбоо жана жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чараларга; адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин пайда болуусу, жайылып кетүүсү, медициналык жардам көрсөтүүсү менен байланышкан мамилелерге; ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө; дары-дармек каражаттарына, медициналык буюмдарга, ветеринардык препараттарга (продукцияга, анын ичинде, пестициддерге, агрохимикаттарга, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо); жер кыртышын, атмосфералык абаны, курорттордун суу объекттерин, туристтик жана жалпы эс алуу жайларына таандык кылынган суу объекттерин коргоо боюнча чараларга; мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бухгалтердик эсеп жөнүндө жоболорго (стандарттарга) жана аудитордук иштин эрежелерине (стандарттарына), баалуу кагаздардын эмиссиясынын стандарттарына жана баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин стандарттарына, баалоо ишинин стандарттарына жайылтылбайт.

Радиожыштык спектрин пайдаланууга жана башкарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын иштешине жана өз ара аракеттенишине болгон талаптар Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдар менен белгиленет жана жөнгө салынат.

Ушул Мыйзам продукцияга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан учурларды кошпогондо, өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашырууга коюлган талаптарды, кооптуу өндүрүш объекттеринде технологиялык процесстердин коопсуздугун, электр энергетика тутумдарынын жана электр энергетика объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салбайт.

(КР 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2015-жылдын 30-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 2-августундагы № 16, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I Бөлүм Жалпы жоболор

 

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) аккредиттөө - аккредиттөө боюнча орган юридикалык жактын шайкештикти баалоо боюнча конкреттүү иштерди аткаруудагы компетенттүүлүгүн расмий таануучу жол-жобо;

2) продукциянын жана/же ага карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу (мындан ары - коопсуздук) - жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана өсүшүнө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жоктугу;

3) ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптар - зыяндуу организмдердин, оорулардын, илдеттерди таратуучулардын же оору жуктуруучу организмдердин кирип кетишине, орун алышына же жайылышына байланыштуу, анын ичинде алар жаныбарлардан жана/же өсүмдүктөрдөн продукциялар, жүктөр, материалдар, транспорт каражаттары аркылуу жуккан же жайылган учурда, кошулмалардын булгоочу заттардын, токсиндердин, зыянкечтердин, отоо чөптөрдүн, оору жуктуруучу организмдердин болушу менен, анын ичинде тамак-аш азыктары же тоюттар менен келип чыккан тобокелдиктерден коргоо максатында белгиленүүчү, аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор, ошондой эле зыяндуу организмдердин жайылышы менен байланышкан башка залалдарды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор;

4) техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контроль (көзөмөл) - жеке ишкерлер катары катталган юридикалык жана жеке жактардын продукцияга карата техникалык регламенттердин талаптарын сактоосун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши;

5) шайкештикти декларациялоо - жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы;

6) шайкештик жөнүндө декларация - даярдоочу (чет өлкөлүк даярдоочунун расмий өкүлү, сатуучу) өзүнүн жүгүртүүгө чыгарган продукциясынын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин ырастоочу документ;

7) арыз ээси - жеке ишкер катары катталган, даярдоочу же сатуучу, же даярдоочунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган жеке же юридикалык жак, ал шайкештикти тастыктоо үчүн шайкештик жөнүндө тиешелүү декларацияны кабыл алат же шайкештик сертификатын алуу үчүн кайрылат;

8) техникалык регламенттерге шайкештик белгиси - техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин белгиленген тартипте тастыкталган, жүгүртүүгө чыгарылган продукцияга басылган белги;

9) шайкештик белгиси - ыктыярдуу сертификаттоонун тутуму же улуттук стандарт менен белгиленген талаптарга сертификаттоо объектинин шайкештиги жөнүндө сатып алуучуларга маалымдоо үчүн кызмат кылуучу белги;

10) продукцияны идентификациялоо - продукциянын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилерине окшоштугун белгилөө;

11) даярдоочу - өзүнүн атынан өндүрүштү же продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана анын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги үчүн жооптуу жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;

12) сыноо - белгиленген жол-жоболорго ылайык ошол продукциянын, процесстин же кызмат көрсөтүүнүн бир же бир нече мүнөздөмөлөрүн аныктоодо белгиленген техникалык операция;

13) продукцияны жүгүртүү - кийин сатуу менен продукцияны чыгаруу же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;

14) техникалык жөнгө салуу объекти - продукция жана/же продукциянын долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине карата талаптар менен да байланышкан продукция;

15) жактыруу - продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга же белгиленген багытта же белгиленген шарттарда пайдаланууга техникалык регламенттер менен белгиленген тартипте берилген уруксат;

16) шайкештикти баалоо боюнча орган - шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;

17) сертификаттоо боюнча орган - сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүчү юридикалык жак;

18) шайкештикти баалоо - техникалык жөнгө салуу объектине коюлуучу талаптардын сакталышын тике же кыйыр түрдө аныктоо. Шайкештикти баалоо мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө), аккредитациялоо, сыноолор, ченөөлөр, экспертиза каттоолор, жактыруулар, шайкештикти тастыктоо, курулушу бүткөн объектти кабыл алуу жана пайдаланууга берүү формаларында, ошондой эле алардын айкалыштарында жана башка формада жүргүзүлүшү мүмкүн;

19) шайкештикти тастыктоо - продукциянын жана долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, ишке киргизүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына шайкештигин документтик ырастоону тастыктоочу жол-жоболор;

20) шайкештик презумпциясы - эл аралык, региондук, улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин жыйындысын колдонуу техникалык регламенттердин олуттуу (жалпы) талаптарын сактагандык катары каралган жобо;

21) каттоо - шайкештикти баалоо формасы, ал аркылуу тиешелүү тизмектеги продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин мүнөздөмөлөрү көрсөтүлөт;

22) ресурс үнөмдөө - объекттердин жашоо циклинин бардык баскычтарын коштогон жана материалдык чыгымдардын салыштырмалуу туруктуулугунда пайдалуу натыйжалардын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуучу ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана үнөмдүү чыгымдоого багытталган иштер (уюштуруучулук, экономикалык, техникалык, илимий, практикалык, маалыматтык), усулдар, процесстер, уюштуруу-техникалык чаралардын жана иш-чаралардын комплекси. Ал энергия үнөмдөө жана материал үнөмдөө деп айырмаланат;

23) тобокелдик - зыяндын оорчулугун эске алуу менен адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана өсүшүнө зыян келтирүү ыктымалдуулугу;

24) сертификаттоо - шайкештикти тастыктоо формасы, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерин белгиленген талаптарын, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына шайкеш келерин ырастоо формасы;

25) шайкештик сертификаты - продукция же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстери, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр техникалык регламенттерин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына шайкеш келерин ырастоочу документ;

26) сертификаттоо тутуму - сертификаттоо боюнча иштерди аткаруу эрежелеринин, сертификаттоо тутумунун катышуучуларынын жана бүтүндөй тутумдун иштөө эрежелеринин жыйындысы;

27) коопсуздуктун олуттуу (жалпы) талаптары - техникалык жөнгө салуу объекттерине коюлган, тиешелүү өлчөө бирдиктериндеги конкреттүү (сандык) маанилерди белгилөөсүз берилген милдеттүү талаптар;

28) техникалык регламент - продукцияга жана/же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, милдеттүү түрдө колдонулуучу жана аткарылуучу талаптары, ошондой эле алардын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүсүн баалоонун формаларын жана жол-жоболорун белгилөөчү документ;

29) техникалык жөнгө салуу - техникалык жөнгө салуу объекттерине коюлуучу милдеттүү жана ыктыярдуу талаптарды белгилөө, колдонуу жана аткаруу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу жана шайкештикти баалоо жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу;

30) техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген техникалык жөнгө салуу жаатындагы аткаруу бийлигинин органы;

31) ыйгарым укук берүү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча белгилүү бир ишти аткаруу укугун шайкештикти баалоо боюнча органга бөлүп берүү;

32) ыйгарым укуктуу органдар - шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча белгилүү бир жаатта конкреттүү иштерди жүргүзүү ыйгарым укуктары берилген, үчүнчү жак тарабынан таанылган, юридикалык жак статусуна ээ уюмдар же уюмдун бир бөлүгү (бөлүм же бөлүмчө);

33) даярдоочу тарабынан ыйгарым укук берилген адам - жеке ишкер катары катталган, продукциянын шайкештигин баалоодо жана Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууда чет өлкөлүк даярдоочу менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол даярдоочунун атынан аракеттенүүчү, ошондой эле продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартуучу юридикалык же жеке жак;

34) сертификаттоо боюнча эксперт (эксперт-аудитор) - белгилүү бир жааттагы продукциянын шайкештигин тастыктоо үчүн компетенттүүлүккө ээ болгон жана продукцияны сертификаттоо боюнча органда продукциянын шайкештигин тастыктоо боюнча иш жүргүзүүчү жеке жак;

35) энергетикалык натыйжалуулук - бул техниканын жана технологиянын өнүгүүсүнүн учурдагы деңгээлинде жана айлана-чөйрөнү коргоого карата талаптарды сактоодо продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата колдонууда ушундай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстардын чыгымдарына карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын мамилесин чагылдыруучу мүнөздөмөлөр.

(КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 299, 2014-жылдын 15-ноябрындагы № 153, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 163, 2019-жылдын 18-июлундагы № 9, 2022-жылдын 3-августундагы № 79 , 2025-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)