Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 17-июлу № 350
Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
Зергердик тармакты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, иш орундарын жаратуу жана баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы (мындан ары - Концепция), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу министрликтер жана административдик ведомстволор бизнес-ассоциациялар менен макулдашып, анын аткарылышын камсыздашсын жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Концепцияны ишке ашыруу мезгилиндеги зергердик сектордун иш жүзүндөгү абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгын презентациялоо менен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- Иш-чаралар планын аткаруу мөөнөттөрү бүткөндө, 2022-жылдын декабрында максаттарга жетишкендиктин натыйжалуулугуна жана коюлган милдеттердин аткарылышына толук баалоо жүргүзсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.